Жарыяланган: 04 February 2026
ТАБЫШТАМАЛАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 16-февралы, саат 17:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча)
«Кумтор Голд Компани» ЖАК, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 дарегинде жайгашкан, бардык кызыкдар катышуучуларды Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык “Кумтөр” кенинин Алтын Ылгоочу Фабрикасынын (АЫФ) калдыктарды сактооочу жайынын дамбасынын сейсмикалык туруктуулугун баалоо боюнча кызматтарын сатып алууга эки пакеттүү ыкма менен катышуу чектелбеген конкурска катышууга чакырат.
Конкурстун катышуучулары 2026-жылдын 16-февралы саат (Бишкек убактысы боюнча) 17-00дөн кеч эмес тиешелүү формаларды толтуруп жана талап кылынган документтерди тиркеп, өзүнүн конкурстук өтүнмөлөрүн электрондук түрдө берүүгө тийиш.
Конкурстук өтүнмө конкурстук өтүнмөнү кепилдеген декларация түрүндө конкурстук өтүнмөнүн аткарылышын кепилдик камсыздоо менен бирге берилиши керек.
Конкурстук өтүнмө 60 календардык күн ичинде жарактуу болууга тийиш. Кошумча маалыматты же конкурстук документтердин түшүндүрмөлөрүн алуу үчүн конкурстук өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 күн мурун 2026-жылдын 11-февраля (Бишкек убактысы боюнча) саат 12-00дөн кеч эмес Gulnur.Shirdakova@kumtor.kg почтасына суроо-талапты жөнөтүү керек. Сатып алуучу уюм анын көзөмөлүнөн тышкары жагдайлардан улам пайда болгон ар кандай кечиктирүүлөр үчүн жооптуу деп эсептелбейт.
| Берүү форматы: | Конкурстук өтүнмө жана башка документтер өтүнмөгө кол коюу ыйгарым укуктарына жана келишим боюнча милдеттенмелерге ээ болгон адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилиши жана PDF форматында берилиши керек. Кол коюучу адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат менен тастыкталышы же тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Конкурстук сунушту даярдоодон мурун катышуучу Конкурстук өтүнмөнү даярдоо боюнча нускама (жеткирип берүүчүлөр үчүн) (1-тиркеме) менен таанышууга тийиш Конкурс эки этапта өткөрүлөт жана ар бир этап үчүн өзүнчө эки катты тариздөө керек. Квалификациялык документтер жана финансылык сунуш бир убакта, бирок ар башка кат берилүүгө менен тийиш: Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен берилет. Темада «Квалификациялык документтер» деп көрсөтүлөт; Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен берилет. Темада «Финансылык сунуш» деп көрсөтүлөт. |
| Сунуштарды берүү тартиби | Конкурстун катышуучулары катышууга сунушту конкурстун талаптарына ылайык орус жана / же англис тилинде берүүгө, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркөөгө жана аларды 2025-жылдын 16-февралы саат 17:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) электрондук түрдө damba2026@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүүгө тийиш.
Техникалык тапшырма эки баракта тиркелет (8-тиркеме). |
| 1-этап: Квалификациялык жана техникалык бөлүк | |
| Катышууга сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек: | Конкурска катышууга кызыкдар болууну тастыктаган кат, өтүнмөнүн формасы тиркелет (2-тиркеме) |
| Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү | |
| Негизги иш түрүн аныктоочу документтин сканерленген көчүрмөсү (Устав), ошондой эле жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү; | |
| Акыркы отчеттук күнгө карата мамлекеттик органдардын алдындагы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкат (КРнын резиденттери үчүн) | |
| Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн:
2023-2024-жылдарга карата финансылык отчеттордун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү: · Баланс; · Пайда жана чыгым жөнүндө отчет; · Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет; · Капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет; Же 2023-2024-жылдарга карата Бирдиктүү салык декларациясы. Резидент эместер үчүн: 2023-2045-жылдарга карата финансылык туруктуулукту тастыктаган документ |
|
| Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация, формасы тиркелет (3-тиркеме) | |
| Конкурстук өтүнмөнү кепилдеген декларация, формасы тиркелет (4-тиркеме) | |
| Кызматкерлердин мурдагы иш тажрыйбасын баяндоо менен, алар жөнүндө маалымат. Формасы тиркелет (5-тиркеме) | |
| Катышуучу гидротехника тармагында инженердик эсептөөлөрдү жана долбоорлоо иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу юридикалык жак болушу керек. | |
| Төмөнкүлөрдү аткаруу тажрыйбасы:
• Жер дамбаларынын же калдыктарды сактоочу жайлардын сейсмикалык туруктуулугун эсептөө боюнча 3 долбоор; • Сызыктуу эмес динамикалык анализди колдонуу менен 1 долбоор. |
|
| Ар бир күн үчүн персоналдын санын жана ар бир жумуш көлөмү боюнча мөөнөттөр жөнүндө маалыматты көрсөткөн жумуш графиги. | |
| Катышуучу улуттук же эл аралык классификацияларга ылайык (Кыргыз Республикасынын стандарттары боюнча I-II класс же эл аралык стандарттар боюнча Жогорку / Өтө Жогорку / Өтө Кесепеттүү) жогорку же жогорулатылган жоопкерчилик категорияларына классификацияланган гидротехникалык курулмаларда жумуштарды аткаруу тажрыйбасына ээ болушу керек. | |
| Катышуучулар төмөнкү кошумча документтерди тапшырышы керек:
• Ушул сыяктуу аяктаган долбоорлордун тизмеси (кардарды, жылды жана кыскача сүрөттөмөнү көрсөтүү менен); • Негизги адистердин резюмеси; • Үлгү отчеттор (анонимдештирилген); • Лицензияланган FLAC программалык камсыздоосуна ээлик кылууну тастыктоочу документ; • Кызыкчылыктардын кагылышуусу жок экендиги жөнүндө декларация. |
|
| Негизги адистерге коюлуучу талаптар | Долбоордун менеджери
• Плотиналардын сейсмикалык анализи боюнча кеминде 3 долбоор аяктаган; • Эл аралык стандарттар менен иштөө тажрыйбасы (ICOLD, GISTM, CDA, ANCOLD, эгер бар болсо). |
| Динамикалык моделдөө боюнча жетектөөчү адис
• Сызыктуу эмес динамикалык анализ боюнча кеминде 5 жылдык тажрыйба; • FLAC 2D менен далилденген тажрыйба; • UBCHYST, PM4Silt жана ушул сыяктуу циклдик топурак моделдерин калибрлөө тажрыйбасы; • Динамикалык анализ боюнча басылмалар же техникалык отчеттор кабыл алынат. |
|
| Инженер-сейсмолог
• Акселерограммаларды тандоо жана масштабдоо тажрыйбасы; • Белгилүү бир жер үчүн эсептелген жооп спектрлерин иштеп чыгуу жана акселерограммаларды тандоо менен ыктымалдуулук же детерминисттик сейсмикалык коркунуч анализин (PSHA/DSHA) жүргүзүү тажрыйбасы (жердин кыймылынын жер бетиндеги кыймылын талдоо). • “Максималдуу долбоордук жер титирөө” деңгээлдери менен иштөө тажрыйбасы (5000 жылда 1 кайталануу көрсөткүчү менен) |
|
| Биринчи этапты баалоо критерийлери: | Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана сураган документтердин толук пакетин берген жак конкурстун биринчи этабынан өттү деп таанылат.
Тандоо процессине катышуучулар техникалык мүнөздөмөлөргө ылайык квалификациясын жана техникалык маалыматтарын тастыктоо үчүн зарыл болгон бардык документтерди берүүгө милдеттүү. |
| Финансылык сунушту берүү тартиби | 2-этап: Сунуштун финансылык бөлүгү: |
| Финансылык/коммерциялык сунуш пароль коюлган архивде берилиши керек, өтүнмөнүн формасы тиркелет (7-тиркеме). Пароль бул конкурс боюнча жооптуу адамдын суроо-талабы боюнча берилет.
Архивдин паролу кеминде 6 символдон турууга тийиш. Катышуучунун расмий бланкындагы финансылык/коммерциялык сунуш жумуштардын наркын, аткаруу мөөнөттөрүн жана төлөө шарттарын көрсөтүү менен, «Кумтор голд компани» ЖАКга жөнөтүлөт. Квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулардын гана паролдору суралат. Финансылык/коммерциялык сунушту паролсуз же квалификациялык документтер менен бирге берген учурда сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы маалыматтын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартпайт. |
|
| Баалоого карата талаптар | Жумуштун аткарылышы үчүн баалоону кызматтардын/жумуштардын түрлөрү боюнча коммерциялык сунуш түрүндө берүү керек.
Баалоодо чыгымдардын өлчөмдөрү жана түрлөрү көрсөтүлөт. |
| Темасын: «Юридикалык кызматтар» жана лотту көрсөтүү менен Катышууга сунушту damba2026@kumtor.kg электрондук почтасына 2026-жылдын 16 февралы саат 17:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү керек.
Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен берилет. Темада «Квалификациялык документтер» деп көрсөтүлөт; Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен берилет. Темада «Финансылык сунуш» деп көрсөтүлөт. |
|
| Тапшырыкчы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта конкурсту токтотууга укуктуу, мында конкурстун катышуучуларынын алдында эч кандай милдеттенмелерди тартпайт. | |
| Катышууга сунуш катышуучунун расмий бланкында болууга тийиш. | |
| Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин конкурстун катышуучулары тарабынан берилген катышууга сунуш кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга өзүнүн макулдугун билдирет. Конкурстун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунушту бере алат. Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтү 60 календардык күндөн кем эмес болууга тийиш. Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтүндө катышуу сунушуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Кызмат көрсөтүү келишиминин долбоору таанышуу үчүн берилет. Бул келишимдин долбоору акыркы эмес жана конкурстун жыйынтыгына жараша өзгөрүшү мүмкүн (6-сунуш). |
|
| Ушул конкурска байланыштуу бардык суроолор жана конкурстун шарттарын түшүндүрүү үчүн суроо-талаптар сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү башталганга чейин 3 календардык күн мурун gulnur.shirdakova@kumtor.kg дарегине электрондук почта боюнча жөнөтүлүшү керек. | |
| Келишим биринчи жана экинчи этаптан өткөн жана эң аз наркты сунуштаган катышуучуга ыйгарылат. | |