КУМТӨР КЕНИНЕ БОТИНКАЛАР ЖАНА АТАЙЫН КИЙИМДЕРДИ ЖЕТКИРҮҮ ҮЧҮН КОНКУРСТУК ТАБЫШТАМАЛАРДЫ ТАПШЫРУУ
Жарыяланган: 09 February 2026
ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 17-февраль, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) ыйгарым укуктуу жеткирүүчүлөрдү «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн ботинкаларды жана жайкы атайын кийимдерди жеткирүү боюнча эки топтомдолн турган, чектелбеген конкурска катышууга чакырат жана Техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү лоттор боюнча конкурстук табыштамаларды тапшырууну суранат:
- Лот №1 – Ботинкалар
- Лот №2 –Жайкы атайын кийимдер
Бөлүнүүчү лоттор
Сиздердин сунуштарыңыздар, коштомо документтер, тиркемелер жана баалык сунуштарыңыздар коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюу укугуна ээ болгон адам (же адамдар) тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында берилүүгө тийиш.
Документтерге кол коюу укугу бар адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат же анын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү аркылуу далилденүүгө тийиш.
Тандоого катышууга кызыкдар бардык тараптар Чакырууга 1-6 тиркемелери менен таанышып чыгышы зарыл жана милдеттүү түрдө Чакырууга тиркелген №1, №2, №3, №6-формаларын толтурушу керек. Ошондой эле талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, төмөндө көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине электрондук түрдө жөнөтүүгө тийиш.
Катышуучулар конкурсқа катышуу үчүн өздөрүнүн Табыштамаларын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат менен жөнөтүшөт, бирок ар бир каттын көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.
Кат specodejda@kumtor.kg дарегине эки өзүнчө топтом менен жөнөтүлүшү керек жана төмөнкү темаларды камтууга тийиш:
- биринчи топтом: «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]»;
- экинчи топтом: «Баалык сунуш [компаниянын аталышы]».
Конкурстук табыштаманы тапшыруу тартиби
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтом менен тапшырышат, мында эки топтом тең жогоруда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине бир убакта жөнөтүлүшү керек:
- Топтом №1 – квалификациялык жана техникалык сунуштар
(сырсөз коюлбаган файл түрүндө берилет);
- Топтом №2 – коммерциялык сунуш (файлга кирүү сырсөз аркылуу болушу керек жана ал биринчи этапта ачылбайт, сырсөздү буйрутмачы суроо жөнөткөндөн кийин электрондук почта аркылуу жөнөтүү зарыл).
- Биринчи этап – Квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо (Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн):
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Товардын техникалык спецификациясы;
- Толтурулган №6-тиркеменин (квалификация тууралуу маалыматтар) скан көчүрмөсү;
- Техникалык тапшырмадагы талаптарга ылайык берилген документтердин шайкештигин текшерүү;
- Салыктык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкаттардын (МСК, Социалдык фонд) оригиналдарынын сканерленген көчүрмөлөрү;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү / Юстиция министрлигинин сайтынан электрондук үзүндү; (жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же учурдагы патенттин көчүрмөсү, мында Иштин түрү сатып алуунун предметине ылайык келиш керек);
- Уставдын оригиналынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- Документтерге кол коюу ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ (буюрук/дайындоо тууралуу чечим);
- 2024-жыл жана 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн, бардык тиркемелери менен бирге бухгалтердик баланс (баланс, киреше жана чыгашалар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) жана БСДнын (Бирдиктүү салык декларациясы) оригиналдарынын сканерленген көчүрмөлөрү;
- Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу тууралуу маалымат (акыркы үч жылды жана учурдагы жылды камтуу менен);
- Шайкештик сертификаттары или Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
- Шайкештик сертификаттары же, ар бир үлгү үчүн анын паспорту же техникалык баяндамасы;
- Паспорт же продукциянын техникалык баяндамасы (бар болсо);
- Кепилдик кат (зарыл болсо);
Резидент эместер үчүн (башка мамлекеттердин катышуучулары):
- Товардын техникалык спецификациясы;
- Иш тажрыйбасынын анализи (акыркы жыл үчүн референс тизме);
- Техникалык тапшырмадагы талаптарга ылайык берилген документтердин шайкештигин текшерүү;
- Мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү
- Уставдын оригиналынын сканерленген көчүрмөсү;
- Документтерге кол коюу ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ (буюрук/дайындоо тууралуу чечим);
- 2024-жыл жана 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн, бардык тиркемелери менен бирге бухгалтердик баланстын (баланс, киреше жана чыгашалар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) оригиналынын сканерленген көчүрмөсү;
- Шайкештик сертификаттары или Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
- Паспорт же продукциянын техникалык баяндамасы (бар болсо);
- Кепилдик кат (зарыл болсо);
1.2. Биринчи баскычтын жыйынтыгы менен экинчи этапка катышууга уруксат алган катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
1.3. Экинчи этапка төмөнкүлөрдү аткарбаган катышуучулар катыша алышпайт:
- документтердин толук топтомун бербегендер;
- биринчи топтом менен коммерциялык сунушту сырсөзсүз бергендер же сырсөздү буйрутмачы сурай электе жөнөткөндөр;
- буюртмачы суроо жөнөткөндөн кийин да экинчи топтомдун сырсөзүн бербегендер;
- кол коюлган конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларацияны (Чакырууга №1-тиркеменин формасы боюнча) бербегендер;
- кол коюлган ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертмени (Чакырууга №2-тиркеменин формасы боюнча) бербегендер;
- документтерди чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт өтүп кеткенден кийин тапшыргандар;
- Буйрутмачынын коопсуздук кызматынын жана каржы бөлүмүнүн аккредитациясынан өтпөгөндөр;
- Буйрутмачынын техникалык жана квалификациялык талаптарына шайкештикти текшерүүдөн өтпөгөндөр.
1.4. Буйрутмачы өз каалоосу боюнча жеринде текшерүүнү жүргүзө алат.
- Экинчи баскыч – конкурстук табыштаманы баалоо
2.1. Экинчи баскычка биринчи баскычтан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катышууга уруксат берилет.
2.2. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №3 тиркемесиндеги формага ылайык так түрдө толтурулат.
2.3. Эгерде конкурска катышуучу Чакырууга №3 тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн учурда, анын табыштамасы четке кагылат.
2.4. Жеңүүчү болуп баа/сапат боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган, ошондой эле Техникалык Тапшырма шарттарына ылайык конкурстук табыштаманы берген катышуучу саналат.
2.5. Конкурстун катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.
Баалоо критерийлери:
- Баа/сапат/жеткирүү мөөнөтү катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат;
- Конкурстук сунуштун жеңүүчүсү менен бир жылдык мөөнөткө Жеткирүү келишими түзүлөт, зарыл болгон учурда тесттик партияны сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен.
Келишимди аткарууга кепилдик милдеттенме (мындан ары – КАКМ)
- Конкурстун жыйынтыгында келишим түзүү укугу берилген катышуучу (негизги жеткирүүчү) жеткирүү келишиминин жалпы суммасынын 5 % өлчөмүндө КАКМ төлөмүн киргизүүгө же КАКМ катары банктык кепилдик берүүгө тийиш;
- Жеңүүчү катышуучу КАКМ төлөмүн киргизүүдөн баш тарткан учурда буйрутмачы кийинки катышуучу менен келишим түзүүгө укуктуу.
- КАКМ төлөмү төмөнкү учурларда буйрутмачынын тастыктоосунун негизинде жеткирүүчүгө 7 (жети) иш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө кайтарылат:
- Келишим боюнча бардык милдеттенмелер, анын ичинде бардык кепилдиктик милдеттенмелер (кепилдик мөөнөтү) аткарылганда;
- Келишим форс-мажордук жагдайлардын айынан бузулган учурда.
- КАКМ төлөмүн аткаруу үчүн банктык реквизиттер Чакыруунун №4 Тиркемесинде көрсөтүлгөн.
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын «17» февраль, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.
- Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табышмалар кабыл алынбайт жана каралбайт.
- Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарды ылайык макул болот, анын ичинде Чакырууга №5 Тиркемесине ылайык келишимдин шарттары.
- Тандоонун ар бир катышуучусу ар бир лот үчүн бир гана сунуш бере алат.
- Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн adina.azykova@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.
Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу
Буйрутмачы бул чакыруунун алкагында табыштама ээси тарабынан келтирилген кандай гана болбосун чыгымдарды компенсациялоо боюнча милдеттенмелерден так жана толук түрдө баш тартарын билдирет.
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР