Жарыяланган: 10 February 2026
ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 24-февраль, Бишкек убактысы боюнча саат 10:30 чейин.
«Кумтор Голд Компани» ЖАК Кумтөр кенинде ЗИФ чатырын капиталдык оңдоо боюнча курулуш-куроо иштерин аткарууга эки пакеттик ыкма менен катышуу чектелбеген конкурска катышууга чакырат.
| Берүү форматы: | Конкурстук өтүнмө жана башка документтер өтүнмөгө кол коюу ыйгарым укугуна жана келишим боюнча милдеттенмелерге ээ болгон адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында берилиши керек. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Конкурстук сунушту даярдоодон мурда катышуучу Конкурстук өтүнмөнү даярдоо боюнча нускама (жеткирип берүүчүлөр үчүн) менен таанышып чыгышы керек (1-тиркеме) |
| Сунуштарды берүү форматы
|
Конкурстун катышуучулары катышууга өтүнмөнү конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде берүүгө, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркөөгө жана аларды электрондук түрдө Krovlya_ZIF_2026@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 24-февралы саат 10:30га чейин жөнөтүүгө тийиш.
Катышуучу өзүнө өтүнмөнүн баасын, иштелип чыккан сметаларды жана Тапшырыкчы берген ВОР жана Техникалык тапшырмаларга ылайык ЗИФ чатырын капиталдык оңдоо боюнча ККМ аткаруу үчүн керектүү документтерди камтыган, коммерциялык сунушту берүүгө милдеттенет. |
| Маанилүү!!! | Каттын (сунуштун) өлчөмү 25МБ ашпоого тийиш.
Эгерде тиркемелердин өлчөмү 25МБ ашса, анда конкурстук өтүнмөнү бөлүктөргө бөлүү жана каттын темасында чагылдыруу керек: 1. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (участоктун аталышы)» 1-бөлүк. 2. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (участоктун аталышы)» 2-бөлүк. 3. «Конкурстук сунуш жана сметалык эсеп» 3-бөлүк, жана башка. Булут сактагычынан документтерди жүктөп алууга шилтемелердин жарактуулук мөөнөтү болгондугун эске алып, документтерди булут сактагычына жүктөө аркылуу жөнөтүү сунушталбайт. |
| Катышууга өтүнмө төмөнкү документтерди камтышы керек: | – Катышууга кызыкдар экенин тастыктаган кат;
– Коммерциялык сунуш (КС жарактуулук мөөнөтү 60 күн болушу керек); – ККИ аткаруу үчүн иштелип чыккан сметалар жана башка керектүү документтер; – Конкурстук өтүнмөгө кепилдик берген декларация; – Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация. – Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалым каттар. |
| Баалоо критерийлери: | Сураган документтердин толук пакетин берген сунуш тандоодон өттү деп таанылат. |
| Тема көрсөтүлгөн сунушту: «ЗИФ чатырын капиталдык оңдоо» Krovlya_ZIF_2026@kumtor.kg электрондук почтасына 2026-жылдын 24-февралы 10:30 чейин жөнөтүү керек. | |
| Тапшырыкчы тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу. | |
| Конкурстук сунуш расмий бланкта болушу керек. | |
| Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунушту бере алат. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү 60 календардык күндөн кем болбошу керек. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде конкурстук сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Тандоодон өткөн катышуучу келишимге кол коюудан мурда декларация түрүндө келишимдин аткарылышына кепилдикти берүүгө милдеттүү. | |
| Аванстык төлөм учурунда жеңген компания аванстык төлөмдүн өлчөмүнөн кем эмес аванстык төлөмдү төлөөгө банктык кепилдикти берүүгө милдеттүү. | |
| Ушул конкурска байланыштуу бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: aibek.berdigulov@kumtor.kg | |
| Тандоо шарттарын түшүндүрүү үчүн суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү башталганга чейин 3 календарды күн мурда жөнөтүлүшү керек. | |