КУМТӨР КЕНИ ҮЧҮН ЖЕКЕ КОРГОНУУ КАРАЖАТТАРЫНА КОНКУРСТУК СУНУШТАРДЫ/ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮ ҮЧҮН
Жарыяланган: 27 February 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 10-марты, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн жеке коргонуу каражаттарын жеткирип берүү боюнча эки топтомдон турган чектелбеген конкурска катышууга жана Техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү лоттор боюнча конкурстук сунуштарды/табыштамаларды берүүгө чакырат:
- Лот №1 – ЖКК
Бөлүнүүчү лот
Конкурстук сунушка жана ага тиркелген документтерге, тиркемелерге жана баа сунуштарына конкурстук сунушка жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек.
Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Всем желающим участвовать в отборе необходимо ознакомиться со всеми приложениями к Приглашению с 1-6 и в обязательном порядке заполнить формы согласно Приложению №1, №2, №3, №6 к Приглашению, приложить требуемые копии документов, и отправить в электронном виде на нижеуказанную электронную почту.
Конкурска катышууну каалаган бардык каалоочуулар Чакырууга тиркелген №1-6 тиркемелердин баары менен таанышып, Чакыруунун №1, №2, №3, №6 Тиркемелерине ылайык формаларды толтуруп, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук форматта электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө тийиш.
Конкурска катышуучулар өздөрүнүн конкурсқа катышуу үчүн Табыштамаларын электрондук почта аркылуу, көлөмү 25 МБдан ашпаган бир же бир нече кат менен жөнөтүшү керек.
Каттар эки өзүнчө топтомдо Siz2026@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүүгө жана төмөнкү темаларды камтууга тийиш:
– биринчи топтомдун темасы: «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]»;
– экинчи топтом үчүн: «Баалык сунуш [компаниянын аталышы]».
Конкурстук табыштаманы берүү тартиби
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомо түрүндө тапшырышат, эки топтом бир убакытта тапшырылышы керек:
- №1 топтом – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сыр сөзү жок берилет);
- №2 топтом – коммерциялык сунуш (файлга сыр сөз аркылуу кирүүгө тийиш, аны биринчи этапта ачууга болбойт, сыр сөз Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек).
1. Биринчи баскыч – Квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо (Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн):
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Товардын техникалык спецификациясы;
- Иш тажрыйбасынын анализи (акыркы жыл үчүн референс тизме);
- №6 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Квалификация тууралуу маалымат;
- Техникалык тапшырмадагы талаптарга ылайык берилген документтердин шайкештигин текшерүү;
- Салыктык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкаттардын (МСК, Социалдык фонд) оригиналдарынын сканерленген көчүрмөлөрү;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү / Юстиция министрлигинин сайтынан электрондук үзүндү; (жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же учурдагы патенттин көчүрмөсү, мында Иштин түрү сатып алуунун предметине ылайык келиш керек);
- Уставдын оригиналынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- Документтерге кол коюу ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ (буюрук/дайындоо тууралуу чечим);
- Акыркы эки календардык жыл үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн, бардык тиркемелери менен бирге бухгалтердик баланстын (баланс, киреше жана чыгашалар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) оригиналынын сканерленген көчүрмөсү. (биринчи жарым жылдык) жана БСД (Бирдиктүү салык декларациясы);
- Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу тууралуу маалымат (акыркы үч жылды жана учурдагы жылды камтуу менен);
- Шайкештик сертификаттары или Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
- Шайкештик сертификаттары же, ар бир үлгү үчүн анын паспорту же техникалык баяндамасы;
- Паспорт же продукциянын техникалык баяндамасы (бар болсо);
- Кепилдик кат (зарыл болсо).
Резидент эместер үчүн (башка мамлекеттердин катышуучулары):
- Товардын техникалык спецификациясы;
- Иш тажрыйбасынын анализи (акыркы жыл үчүн референс тизме);
- Техникалык тапшырмадагы талаптарга ылайык берилген документтердин шайкештигин текшерүү;
- Мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү;
- Уставдын оригиналынын сканерленген көчүрмөсү;
- Документтерге кол коюу ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ (буюрук/дайындоо тууралуу чечим);
- 2024-жыл жана 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн, бардык тиркемелери менен бирге бухгалтердик баланстын (баланс, киреше жана чыгашалар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) оригиналынын сканерленген көчүрмөсү;
- Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу тууралуу маалымат (акыркы үч жылды жана учурдагы жылды камтуу менен);
- Шайкештик сертификаттары же, ар бир үлгү үчүн анын паспорту же техникалык баяндамасы;
- Паспорт же продукциянын техникалык баяндамасы (бар болсо);
- Кепилдик кат (зарыл болсо).
1.2. Биринчи баскычтын жыйынтыгы боюнча экинчи баскычка кабыл алынган катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
1.3. Экинчи баскычка кабыл алынбаган катышуучулар:
- документтердин толук топтомосун бербеген;
- сыр сөзү жок топтом менен коммерциялык сунушту берген же сураганга чейин сыр сөз жөнөткөн;
- Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча экинчи топтомдун сыр сөзү берилбей калган учурда;
- кол коюлган конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация жок болгон учурда (Чакыргууга №1 Тиркеме формасы боюнча);
- кол коюлган ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме жок болгон учурда (Чакыргууга №2 Тиркеме формасы боюнча);
- Чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин документтерди тапшырганда.
- Буйрутмачынын коопсуздук кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитацисынан өтпөгөн учурда;
- Буйрутмачынын техникалык жана квалификациялык талаптарына шайкеш келүү боюнча текшерүүдөн өтпөгөн катышуучулар;
- Жеткирип берүүчүнүн ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлган конкурстук табыштаманы/сунушту бербөө.
1.4. Буйрутмачы өз каалоосу боюнча жеринде текшерүүнү жүргүзө алат.
- Экинчи баскыч – конкурстук табыштаманы баалоо
2.1. Экинчи баскычка биринчи баскычтан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катышууга уруксат берилет.
2.2. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №3 тиркемесиндеги формага ылайык так түрдө толтурулат.
2.3. Эгерде конкурска Катышуучу Чакырууга №3 тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн учурда, анын табыштамасы четке кагылат.
2.4. Конкурстун Катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.
Баалоо критерийлери:
- Баа/сапат/жеткирүү мөөнөтү катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат;
- Конкурстук табыштамасы жеңген катышуучу менен бир жылдык мөөнөткө жеткирип берүү келишими түзүлөт, зарыл болсо тесттик партияны сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Келишимди аткарууга кепилдик милдеттенменин көлөмү жана формасы (мындан ары – КАКМ)
- Конкурстун жыйынтыгында келишим түзүү укугу берилген катышуучу (негизги жеткирүүчү) жеткирүү келишиминин жалпы суммасынын 5 % өлчөмүндө КАКМ төлөмүн киргизүүгө же КАКМ катары банктык кепилдик берүүгө тийиш;
- При отказе участника-победителя внесения ГОИД заказчик вправе заключить договор со следующим участником.
- Жеңүүчү катышуучу ГОИД төлөмүн киргизүүдөн баш тарткан учурда буйрутмачы кийинки катышуучу менен келишим түзүүгө укуктуу.
- КАКМ төлөмү төмөнкү учурларда буйрутмачынын тастыктоосунун негизинде жеткирүүчүгө 7 (жети) иш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө кайтарылат:
- Келишим боюнча бардык милдеттенмелер, анын ичинде бардык кепилдиктик милдеттенмелер (кепилдик мөөнөтү) аткарылганда;
- Келишим форс-мажордук жагдайлардын айынан бузулган учурда.
- КАКМ төлөмүн аткаруу үчүн банктык реквизиттер Чакыруунун №4 Тиркемесинде көрсөтүлгөн.
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 10-марты, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.
- Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табышмалар кабыл алынбайт жана каралбайт.
- Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарды ылайык макул болот, анын ичинде Чакырууга №5 Тиркемесине ылайык келишимдин шарттары.
- Тандоонун ар бир катышуучусу ар бир лот үчүн бир гана сунуш бере алат.
- Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн adina.azykova@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.
Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту толугу менен же жарым-жартылай кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу.
Буйрутмачы бул чакыруунун алкагында табыштама ээси тарабынан келтирилген кандай гана болбосун чыгымдарды компенсациялоо боюнча милдеттенмелерден так жана толук түрдө баш тартарын билдирет.
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР