Жарыяланган: 06 March 2026
Жигиттерден кем калбай, компаниябыздын өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуп жатышкан бардык Кумтөрдүн айымдарына ак эмгеги, талыкпаган мээнети үчүн терең ыраазычылык билдирген Бузурман Субанов:
“Жаратылышка жан берген жаз айынын ажайып бул майрамында, ар бириңиздерге эң башкысы бекем ден соолук, кемибес бакыт, жаркын маанай каалайм” – деди.
Ошондой эле майрамдык иш-чаранын алкагында Башкармалыктын төрагасы компанияда иштеген көп балалуу энелерге өзгөчө ызаат көрсөтүп, баалуу белектер менен сыйлады.
“Үйдө мээримдүү эне, жумушта жоопкерчиликтүү адис болуу – бул чоң эркти жана чыдамкайлыкты талап кылган каармандык, чыныгы эрдик” – деген Бузурман Субанов биздин коомдо аялзатынын орду баа жеткис экенин кошумчалады.
Эске сала кетсек, “Кумтөр Голд Компаниде” 300дөн ашык айым кызматкерлер, анын ичинен 15 көп балалуу энелер эмгектенет.
Айымдар күнүнө арналган салтанат элибиздин жаш таланттуу ырчылардын коштоосунда жагымдуу маанайда уланды.