Жарыяланган: 07 November 2025
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому журналисттерди кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!
«Урматтуу журналисттер, «Кумтөр Голд Компани» сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Ата мекендик экономиканын флагманы катары, биздин компания өз ишинде дайыма ачыктык жана айкындык саясатын карманат.
Чынында журналисттер – коомдун күзгүсү, акыйкаттыктын жарчысы жана өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү. Сиздердин эмгегиңиздерди биз ар дайым жогору баалайбыз жана Кумтөр ишканасы менен болгон бекем кызматташтыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Көрүүчүлөрдүн, угуучулардын жана окурмандардын купулуна толуп, актуалдуу темалардагы материалдарыңар менен коомго жана мамлекетке өз салымыңыздарды кошо бериңиздер.
Бул майрам күнү баарыңыздарга чың ден соолук, бакубатчылык жана зор чыгармачылык ийгиликтерди, жаңы бийиктиктерди каалайбыз. Майрамыңыздар менен!»