Жарыяланган: 18 December 2025
ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 31-декабры, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани” ЖАК сизди “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтагы административдик имаратындагы өрткө каршы суу түтүгүнүн капиталдык оңдоо иштерин аткаруу боюнча эки топтомдон турган чектелбеген конкурска катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Конкурстук сунушка жана башка документтерге конкурстук сунушка жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек. Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Конкурстук сунушту даярдоонун алдында катышуучу «Конкурстук сунушту даярдоо боюнча нускама» менен таанышып чыгышы керек (1-тиркеме). |
| Квалификациялык жана техникалык сунуштарды тапшыруу тартиби | 1 этап: Квалификациялык жана техникалык бөлүгү |
| Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык сунуштарын орус тилинде жана тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн электрондук түрдө pozharny_vodoprovod@kumtor.kg дарегине 2025-жылдын 31-декабры, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө чейин жөнөтүшү керек.
Техникалык тапшырма тиркелет (8-тиркеме). |
|
| Предложение на участие должно содержать следующие документы: | Конкурска катышууга кызыгууну тастыктаган кат, сунуш формасы тиркелет (2-тиркеме) |
| Юридикалык жакты каттоо күбөлүгүнүн скан көчүрмөсү | |
| Негизги ишмердүүлүктү аныктаган документтин (Устав) жана жетекчи катары дайындоо чечиминин скан көчүрмөсү | |
| Аффилирленгендиктин жоктугу тууралуу жазуу жүзүндөгү тастыктоо, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалымат. | |
| Салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымкат (акыркы отчеттук күнгө) | |
| 2024-жылы үчүн каржылык отчеттордун скан көчүрмөлөрү:
· Бухгалтердик баланс · Киреше жана чыгаша тууралуу отчет · Акча каражаттарынын кыймылы тууралуу отчет · Капиталдын өзгөрүшү тууралуу отчет Же болбосо 2024-ж. үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясы |
|
| Ак ниеттүүлүк декларациясы, сунуш формасы тиркелет (3-тиркеме) | |
| Конкурстук сунушту кепилдеген декларация, сунуш формасы тиркелет (4-тиркеме) | |
| Иштеп жаткан кызматкерлер тууралуу маалымат, алардын тажрыйбасы, сунуш формасында көрсөтүү (5-тиркеме) | |
| Ишкер өнөктөштөрдүн тизмеси, аткарылган иштер жана сунуштар, сунуш формасында көрсөтүү (5-тиркеме) 2024-жыл ичинде сатып алууларга барабар суммадагы кеминде эки келишимди аткаруу тажрыйбасына ээ болуу, кол коюлган келишимдердин жана аткарылган иштердин актыларынын көчүрмөлөрүн тиркөө. | |
| Келишимге кол коюлгандан кийин келишимдин наркынын 20% өлчөмүндөгү аванс суммасына банктык кепилдик берүүгө даярдыгын (кат түрүндө) тастыктоо. | |
| 1) Аткарылуучу иштерге ылайык келген бөлүгүндө жоопкерчилик деңгээли IIIтөн төмөн болбогон курулуш ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жарактуу лицензиянын болушу.
2) Курулуш тармагында кеминде беш жылдык тажрыйбасы бар жана көлөмү, багыты жана түрү боюнча тендердеги иштерге окшош болгон кеминде эки ишти ишке ашырган тастыкамаланган жетекчисинин (прораб, участок башчысы) болушу. 3) Техникалык тапшырмага ылайык иштерди жүргүзүүгө укук берүүчү атайын күбөлүгү бар аттестацияланган сантехниктин жана башка ички жасалгалоо иштеринин усталарынын болушу. 4) Ширетүү иштерин жүргүзүүгө укук берүүчү атайын күбөлүгү бар аттестацияланган ширетүүчүлөрдүн болушу. 5) Эмгек китепчесинин, дипломдордун жана сертификаттардын көчүрмөсүн берүү. |
|
| Башка | Келишимди аткарууга кепилдик камсыздоо – 2,00 % Аванс төлөмү – 20 % Кабыл алгандан кийин – 80 % |
| Баалоо критерийлери: | Конкурстун биринчи этабынан өткөн сунуш деп бардык квалификациялык талаптарга жооп берип, талап кылынган документтердин толук пакетин тапшырган сунуш табылат . |
| Финансылык сунуштарды тапшыруу тартиби | 2-этап: Финансылык бөлүгү |
| Подрядчынын коммерциялык сунушу МДС 81-1-2015 «Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын сметалык наркын аныктоо методикасына» ылайык, «РИК» программалык комплекси колдонулуп, деталдуу түрдө түзүлүшү керек. Иш түрүнүн варианты – турак жай жана коомдук имараттардагы оңдоо иштери. Финансылык/коммерциялык сунуш сыр сөз менен корголгон архивде тапшырылышы керек, сунуш формасы тиркелет (7-тиркеме). Сыр сөз конкурстун жооптуу адамына сурам жөнөтүү менен берилет. Сыр сөз кеминде 8 белгиден турушу керек жана төмөнкүлөрдү камтышы керек: 1 сан, 1 символ, 1 баш тамга жана 1 кичине тамга. Финансылык/коммерциялык сунуш расмий бланкта «Кумтөр Голд Компани» ЖАК дарегине багытталып, баа, аткаруу мөөнөтү жана төлөм шарттары көрсөтүлүшү керек. Квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулардан гана сыр сөз суралат. | |
| Катышуу сунушу ««Кумтөр Голд Компани» ЖАКтагы административдик имаратындагы өрткө каршы суу түтүгүн капиталдык оңдоо» деген тема менен pozharny_vodoprovod@kumtor.kg дарегине 2025-жылдын 31-декабры, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө чейин жөнөтүшү керек. | |
| Буйрутмачы, келишим берилгенге чейин, катышуучулардын сунушун кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурс процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу, ошол эле учурда катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенмелерге ээ эмес. | |
| Катышууга сунуш расмий бланкта болушу керек | |
| Конкурстун катышуучуларынын көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушту тапшыруу менен катышуучу Компаниянын бардык талаптарына макул экенин билдирет. Ар бир катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 40 календардык күн болушу керек. Сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт. Кызмат көрсөтүү келишиминин долбоору таанышуу үчүн берилет. Бул долбоор акыркы эмес жана конкурстун жыйынтыгына жараша өзгөртүлөт. (6-тиркеме). |
|
| Конкурска байланыштуу бардык суроолор жана түшүндүрмөлөрдү сураган каттар: Zhyldyzkan.satybekova@kumtor.kg дарегине акыркы тапшыруу мөөнөтүнө 3 календардык күн калганга чейин жөнөтүлүшү керек. | |
| Келишим, коммерциялык сунушу техникалык тапшырмага жана тандоо шарттарына жооп берген, биринчи жана экинчи этаптан өткөн, эң төмөн бааны сунуштаган катышуучуга берилет | |