Жарыяланган: 11 August 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 20.08.2025, Бишкек сааты боюнча 14:00го чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары «КГК») Сиздерди маалыматтык коопсуздук жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө окутуу курстарын өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алдын-ала квалификациялоо алдындагы тандоого катышууга чакырат.
Тапшыруу форматы: | Алдын-ала квалификациялык тандоодон өтүүгө табыштама жана башка документтерге келишим боюнча табыштамага жана милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам кол коюуга тийиш. Документтер мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталууга тийиш. |
Сунуштарды берүү тартиби
|
Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде табыштама берип, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук түрдө it-training2025@kumtor.kg электрондук дарекке, 2025-жылдын 20-августунда саат 14: 00гө чейин жөнөтүлүшү керек.
Техникалык Тапшырма купуялуулукту сактоо жөнүндө кол коюлган макулдашуунун негизинде түзүлөт (макулдашуунун формасы тиркелет). Катышуучу Буйрутмачы тарабынан берилген Техникалык Тапшырманыга ылайык табыштаманын баасын камтыган коммерциялык сунушту берүүгө милдеттенет (алдын-ала квалификациялык тандоодон өткөн жана купуялуулукту сактоо жөнүндө келишимге кол коюлган учурда). |
Катышууга табыштамада төмөнкү документтер болушу керек:
Резиденттер үчүн:
|
Катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат. |
3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (аткарылган келишимдердин, аткарылган иштердин актыларынын көчүрмөлөрүн тиркелиши керек) | |
Көлөмү жана арналышы боюнча конкурс өткөрүлгөнгө окшош иштер боюнча кеминде эки долбоорду ишке ашыруу тажрыйбасы. | |
– Окутууну өткөрүү тийиштүү аккредитациясы бар квалификациялуу окутуучулар менен камсыз болушу керек (эгер болсо);
– Окуу программасы стандарттын учурдагы версиясына же арызда көрсөтүлгөн темага ылайык келиши керек; – Бардык катышуучулар окуу материалдарын электрондук түрдө алышы керек; – Онлайн-экзамендерди өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн болушу (стандарт талап кылса); |
|
Мурунку келишимдерди аткаруу боюнча сунуштар жана пикирлер. | |
Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсү; | |
Иштин негизги түрүн аныктаган документтин (Уставдын) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү; | |
Акыркы отчеттук датага карата мамлекеттик органдардын алдында салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат. | |
2024-жыл үчүн финансылык отчеттун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү: · Бухгалтердик баланс; · Пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет; · Акча агымдары жөнүндө отчет; · Капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүү; · Же 2023-2024 жылдар үчүн бирдиктүү салык декларациясы. |
|
Резидент эместер үчүн:
|
Биринчи топтомо үчүн керектүү документтер:
|
Баалоо критерийлери: | Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана талап кылынган документтердин толук топтомун камтыган сунуш тандалып алынган деп таанылат. |
“Маалыматтык коопсуздук жана маалыматтык технологиялар жаатында окутуу курстарын өткөрүү” темасы боюнча сунушту it-training2025@kumtor.kg электрондук почта аркылуу 2025-жылдын 20-августунда саат 14:00гө чейин жөнөтүлүшү керек. | |
Буйрутмачы, тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу. | |
Сунуш расмий бланкта болушу керек. | |
Тандоонун катышуучулары тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен Катышуучу компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Тандоонун ар бир Катышуучусу бир гана сунуш бере алат. Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтү 60 календардык күндөн кем болбоого тийиш. Конкурстук сунуштарды колдонуу мөөнөтүндө конкурстук сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
Тандоодон өткөн Катышуучу келишимге кол коюунун алдында декларация түрүндө келишимдин аткарылышына кепилдик берүүгө милдеттүү. | |
Аванстык төлөм болгон учурда, жеңүүчү компания аванстык төлөмдүн өлчөмүнөн кем эмес аванстык төлөмдү төлөөгө банктык кепилдик берүүгө милдеттүү. | |
Бул конкурс боюнча бардык суроолор электрондук почта аркылуу Zhyldyzkan.satybekova@kumtor.kg дарекке жөнөтүлүшү керек: | |
Тандоонун шарттарын түшүндүрүү үчүн суроо-талаптар сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек. |
Бардык квалификациялуу уюмдарды катышууга чакырабыз!
Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот: