«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ҮЧҮН КЫШКЫ ЖАНА ЖАЙКЫ ШАРТТАРДА ЖҮК ТАШУУЧУ ЖОЛДОРДУН ЧАҢЫН БАСУУ МАКСАТЫНДА ГОСТ 450–77 СТАНДАРТЫНА ЫЛАЙЫК ТЕХНИКАЛЫК КАЛЬЦИНИРЛЕНГЕН ХЛОРДУУ КАЛЬЦИЙДИ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА АДИСТЕШКЕН ЖЕТКИРҮҮЧҮЛӨРДҮ АЛДЫН АЛА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАНДОО

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ҮЧҮН КЫШКЫ ЖАНА ЖАЙКЫ ШАРТТАРДА ЖҮК ТАШУУЧУ ЖОЛДОРДУН ЧАҢЫН БАСУУ МАКСАТЫНДА ГОСТ 450–77 СТАНДАРТЫНА ЫЛАЙЫК ТЕХНИКАЛЫК КАЛЬЦИНИРЛЕНГЕН ХЛОРДУУ КАЛЬЦИЙДИ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА АДИСТЕШКЕН ЖЕТКИРҮҮЧҮЛӨРДҮ АЛДЫН АЛА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАНДОО

Жарыяланган: 05 September 2025

ТАБЫШТАМАНЫН ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 10-сентябры Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө чейин.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «КГК») сизди кышкы жана жайкы шарттарда артка кайтуу жолдорунда чаңды басуу максатында ГОСТ 450–77 стандартына ылайык техникалык кальцинирленген хлордуу кальцийди жеткирүү боюнча адистешкен жеткирүүчүлөрдүн алдын ала квалификациялык тандоосуна катышууга чакырат.

Квалификациялык документтерди берүү үчүн негизги талаптар:

  1. Документтер PDF форматында берилиши керек.
  2. Документтер электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек.
  3. Бир электрондук каттын өлчөмү 25MB ашпашы керектигине көңүл буруңуз.

Тапшырууга талап кылынган документтер:

Кыргыз Республикасынын тургундары үчүн:

  1. Суроолор барагынын толтурулган көчүрмөсү (№1 формага ылайык ушул Тизмеге тиркелет);
  2. Жеткирүүчүнүн реквизиттерин ачуу жана өзгөртүү формасынын толтурулган көчүрмөсү (№2 формага ылайык ушул Тизмеге тиркелет);
  3. Уставдын көчүрмөсү (бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен, эгерде бар болсо), жетекчинин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу менен тастыкталган, ошондой эле Уставды бекитүү жөнүндө катышуучулардын жалпы жыйынынын чечиминин же жалгыз катышуучунун чечиминин көчүрмөсү;
  4. Юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, Катышуучу тарабынан тастыкталган;
  5. Жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү/ Патенттин көчүрмөсү (ыктыярдуу же милдеттүү, ишмердүүлүк түрүнө ылайык, тапшыруу күнүнө жарактуу), ошондой эле паспорттун/идентификациялык картанын көчүрмөсү;
  6. Юридикалык жактар үчүн: Кыргыз Республикасынын бюджетине салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымат;
  7. Бухгалтердик баланстын сканерленген көчүрмөсү (бардык тиркемелери менен, уюмдун мөөрү жана колу менен тастыкталган) же акыркы 2 календардык жыл үчүн оригиналдын сканерленген көчүрмөсү / же УНМ үчүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү;
  8. Салык каттоосуна коюлгандыгы тууралуу күбөлүк;
  9. Ишмердүүлүк түрлөрүнө лицензиялар, уруксаттар, сертификаттар сыяктуу уруксат берүүчү документтер;
  10. Товардын сапат сертификаты жана сапат паспорту.
  11. Катышуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн жетекчинин ыйгарым укуктарын тастыктаган документтердин көчүрмөсү (жетекчини дайындоо жөнүндө буйрук, жетекчини дайындоо жөнүндө катышуучулардын жыйынынын протоколунан көчүрмө, юридикалык жактын жалгыз катышуучусунун чечими). Эгерде башка жак катышуучунун атынан иш алып бара турган болсо, келишимдерге кол коюуга ыйгарым укуктуу жакка карата ишеним каттын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана башка документтер.

Резидент эместер (башка өлкөлөрдүн катышуучулары) үчүн:

  1. Суроолор барагынын толтурулган көчүрмөсү (№1 формага ылайык ушул Тизмеге тиркелет);
  2. Жеткирүүчүнүн реквизиттерин ачуу жана өзгөртүү формасынын толтурулган көчүрмөсү (№2 формага ылайык ушул Тизмеге тиркелет);
  3. Каттоо жана негиздөөчү документтердин көчүрмөлөрү;
  4. Бухгалтердик баланстын сканерленген көчүрмөсү (бардык тиркемелери менен, уюмдун мөөрү жана колу менен тастыкталган) же акыркы 2 календардык жыл үчүн оригиналдын сканерленген көчүрмөсү;
  5. Ишмердүүлүк түрлөрүнө уруксат берүүчү документтер (лицензиялар, уруксаттар);
  6. Катышуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн жетекчинин ыйгарым укуктарын тастыктаган документтердин көчүрмөсү (жетекчини дайындоо жөнүндө буйрук, жетекчини дайындоо жөнүндө катышуучулардын жыйынынын протоколунан көчүрмө, юридикалык жактын жалгыз катышуучусунун чечими). Эгерде башка жак катышуучунун атынан иш алып бара турган болсо, келишимдерге кол коюуга ыйгарым укуктуу жакка карата ишеним каттын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана башка документтер.
  7. Товардын сапат сертификаты жана сапат паспорту.

Бул Чакыруу боюнча суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмө алуу үчүн  Jyldyz.Jenalieva@kumtor.kg электрондук дареги боюнча  кайрыла алат, бирок квалификациялык документтерди берүү мөөнөтү аяктаганга 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен, өтүнүч берүүчүгө суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.

Буйрутмачы квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы күнүн ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген учурда, кийинки күнгө жылдыра алат, ал эми Буйрутмачы  бул тууралуу алдын-ала тандоо жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg Буйрутмачынын расмий сайтында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу билдирүүгө милдеттүү.

Артыкчылык өндүрүүчүлөргө же түз дистрибьюторлорго берилет.

 

Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот:

№1 ФОРМА

№2 ФОРМА