Жарыяланган: 08 December 2025
«Урматтуу достор, Сиздерди 8-декабрь – телекөрсөтүу жана радио кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Мындан 67 жыл мурун дал ушул күнү ата мекендик теле көрсөтүүдө биринчи телевизиондук программа эфирге чыккан. Бул жылдар аралыгында кыргыз радиосу менен телекөрсөтүүнүн түптөлүшүнөн баштап, анын динамикалык өнүгүшүнө жана санариптик форматта көрсөтүлүшүнө чейинки эбегейсиз жол басылды. Бүгүнкү күндө, IT-технологиялар заманында дагы, радио жана телекөрсөтүү маалымат алуунун негизги булагы бойдон калууда!
Бул күнү сиздерге таза эфир, угармандардын жана көрүүчүлөрдүн ыраазычылыгын, жаңы кесиптик жетишкендиктерди жана иштериңиздерге зор ийгиликтерди каалайбыз. Ден соолугуңуздар чын болуп, бактылуу, узак өмүр сүрүңүздөр!»
