Жарыяланган: 12 September 2025
«Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилиги компаниянын программисттерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!
Жумушта жана күнүмдүк жашоодо IT технологиялары ар бир кадамда кезигип, жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Кумтөр кен жайындагы заманбап, жогорку технологиялык жана автоматташтырылган өндүрүш IT-чечимдерисиз мүмкүн эмес экендиги баарыбызга маалым.
Сиздердин IT тармагындагы жогорку кесипкөйлүгүңүздөрдүн жана зор тажрыйбаңыздардын аркасында компаниябызда жакшы ийгиликтер жаралууда. Бул үчүн ар бириңиздерге ыраазычылык билдиребиз жана бекем ден соолук, бакубатчылык, ишиңиздерге зор ийгиликтерди каалайбыз!