Жарыяланган: 01 July 2025
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилиги компаниянын куткаруучуларын кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Куткаруучулар күнү менен куттуктайт!
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Бийик тоолуу жана катаал климаттык шарттарда иш жүргүзгөн биздин ишкана үчүн Силердин эмгегиңер өтө маанилүү!
Жаратылыш кырсыктарын, ошондой эле ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарды алдын ала айтууга болбойт. Ошондой учурларда дал ушул куткаруучулардын эрдиги, кайраттуулугу, ыкчамдыгы жана акылмандыгы аркылуу адам өмүрлөрү сакталып, жаратылыш же техногендик кырсыктарга бөгөт коюлат. Бул үчүн силерге терең таазим этип, чоң ыраазычылык билдиребиз!
Кесиптик майрамыңыздарда сиздерге узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо жана жумушуңуздарда мүмкүн болушунча азыраак өзгөчө кырдаалдарды каалайбыз!