Жарыяланган: 23 February 2026
ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 4-март, саат 17:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү «КГК» ЖАКтын Алтын ылгоочу фабрикасынын технологиялык жабдууларынын фундаменттерин текшерүү боюнча кызматтарына котировкаларды суроо методу менен конкурска катышууга жана Техникалык тапшырмага (ТТ) ылайык коммерциялык сунуштарды берүүгө чакырат:
Коммерциялык сунушту (КС) даярдоодо сөзсүз түрдө төмөнкү шарттарды көрсөтүүңүздү өтүнөбүз:
Коммерциялык сунуштарды берүүдө негизги талаптар:
Баалоо критерийлери:
Коюлган техникалык талаптарга ылайык келип, баа/сапат/кызмат көрсөтүү мөөнөтү/кызмат көрсөтүү шарттары боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп табылат.
Коммерциялык сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 2026-жылдын 4-март, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн aibek.berdigulov@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.
Буйрутмачы, келишим берилгенге чейин, катышуучулардын сунушун кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурс процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу, ошол эле учурда катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенмелерге ээ эмес.
Буйрутмачы бул чакыруунун алкагында табыштама ээси тарабынан келтирилген кандай гана болбосун чыгымдарды компенсациялоо боюнча милдеттенмелерден так жана толук түрдө баш тартарын билдирет.