Жарыяланган: 06 November 2026

Урматтуу журналисттер!
«Кумтөр Голд Компани» сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Бүгүнкү күндө да, мындан жүз жыл мурдагыдай эле, жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат алуунун эң маанилүү булагы бойдон калууда. Бул жоопкерчиликтүү милдетти аткарууда ар бириңиздер ыкчамдуулукту, калыстыкты жана кесипкөйлүктү туу тутуп, журналистиканын жогорку талаптарына ылайык эмгектенип келесиздер.
Биз Кумтөрдүн ийгиликтерин коомчулукка жеткирүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен ар дайым ачык жана конструктивдүү кызматташууга даярбыз.
Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, түгөнгүс дем-күч, чыгармачылык ийгиликтерди жана кесиптик жаңы бийиктиктерди багындырууну каалайбыз!