Жарыяланган: 27 May 2026
«Кадырлуу мекендештер!
Курман айт – бул боорукерликтин, кайрымдуулуктун жана бири-бирибизге болгон сый-урматтын улуу майрамы. Бул ыйык күнү өткөндөргө багыштап куран окутуу менен бирге көмөккө муктажтарга кол сунуу ар бирибиздин инсандык асыл милдетибиз. Чын дилден көмөк көрсөтүү – Жараткандын ыраазычылыгына татыган эң мыкты сооп иштердин бири.
Ушул ыйык майрам күнү ар бириңиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ийгилик каалайбыз. Үйүңүздөрдө наристелердин күлкүсү жаңырып, ата-энелерибиздин мээрими төгүлүп турсун. Дасторконуңуздар берекеге, жүрөгүңүздөр ыйманга толсун!
Айтыңыздар маарек болсун!»