КРЕДИТОРДУК КАРЫЗДАР БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 20 February 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 03.03.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Кредитордук карыздар бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- Жогорку же орто кесиптик экономикалык билим;
- MS Office (Excel, Word, Access, Power Point);
- Компьютердин ишенимдүү колдонуучусу;
- Коммуникабелдүү, жоопкерчиликтүү.
Милдеттер:
- Төлөм табыштамаларын даярдоо үчүн документтерди күнүмдүк негизде иштеп чыгуу;
- Жабдып туруучулар менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдүн актыларын текшерүү;
- Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен иштешүү;
- Эсептерди жана банктык эсептерди салыштыруу, салыштыруу боюнча отчетторду даярдоо, ошондой эле түз жетекчинин кызматтык тапшырмаларын аткаруу;
- Системадагы валюта курсун жана конвертацияларды жүргүзүү үчүн ыңгайлуу валюта курсун көзөмөлдөө;
- Компаниянын өндүрүштүк муктаждыктарын камсыздоо үчүн талап кылынган акча каражаттарынын калдыгын көзөмөлдөө;
- Бухгалтердик документтердин бүтүндүгүн сактоо жана аларды архивге өткөрүү үчүн белгиленген тартипке ылайык тариздөө.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2026 жылдын 3– мартында саат 16.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.