КРЕДИТОРДУК КАРЫЗ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  14 April 2025
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 21.04.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Кредитордук карыз бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку экономикалык билим (2019-жылдан 2024-жылга чейин жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнөн билдирүүлөр кабыл алынат);
 
- MS Office (Excel, Word, Access, PowerPoint) программасын жогорку деңгээлде билүү.
 
- Компьютердин ишенимдүү колдонуучусу;
 
- Жеке сапаттары: коммуникабелдүүлүк, жоопкерчилик, командада иштей билүү.
 
Милдеттери:
- Күн сайын документтерди иштеп чыгуу жана отчетторду даярдоо;
 
- Камсыздоочулар жана ички кызматкерлер менен иштөө;
 
- Төлөм тапшырмаларын даярдоо жана контролдоо;
 
- Контрагенттер, банктар менен салыштыруу жүргүзүү;
 
- Алмашуу курсун контролдоо, документтерди архивге өткөрүп берүү.
 
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
 
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
 
- Жумуш графиги – 5/2
 
Тандоого катышуу үчүн:    
- 2025-жылдын 21-апрелинен саат 16.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.