КООПСУЗДУКТУН ЭЛЕКТРОНДУК ТУТУМДАРЫНА ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ, ЖВС/ВОЛС ТАРМАКТАРЫН ТЕЙЛӨӨ, КҮМТӨР КЕНИНДЕ ЖАНА БАШКА ЖАЙЛАРДА ИТ КЫЗМАТТАРЫН АУТСОРСИНГДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЧҮЛӨРДҮ ТАНДОО БОЮНЧА

КООПСУЗДУКТУН ЭЛЕКТРОНДУК ТУТУМДАРЫНА ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ, ЖВС/ВОЛС ТАРМАКТАРЫН ТЕЙЛӨӨ, КҮМТӨР КЕНИНДЕ ЖАНА БАШКА ЖАЙЛАРДА ИТ КЫЗМАТТАРЫН АУТСОРСИНГДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЧҮЛӨРДҮ ТАНДОО БОЮНЧА

Жарыяланган: 16 January 2026

ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 23-январы, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК коопсуздуктун электрондук тутумдарына техникалык тейлөө, ЖВС/ВОЛС тармактарын тейлөө, Күмтөр кенинде жана башка жайларда ИТ кызматтарын аутсорсингдөө боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо боюнча бир баскычтуу эки пакеттик процедуранын чексиз катышуусу менен конкурска катышууга чакырат. 

Тапшыруу форматы: Табыштамага катышуу жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек. Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин тастыкталган көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.

Конкурстук сунушту даярдоого чейин, катышуучу Конкурстук табыштама даярдоо боюнча нускама (берүүчүлөр үчүн) (Тиркеме 1) менен таанышышы керек.

Сунуштарды тапшыруу тартиби

 

Конкурстук табыштама конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу менен бирге конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларация түрүндө берилиши керек.

Конкурстук табыштама 60 календардык күндүн ичинде жарактуу болушу керек. Кошумча маалымат же конкурстук документтер боюнча түшүндүрмө алуу үчүн суроолор Meerim.Toibaeva@kumtor.kg электрондук дарегине 2026‑жылдын 21‑январына чейин, саат 15:00дөн кеч эмес жана конкурстук сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө 3 иш күн калганда жөнөтүлүшү зарыл. Сатып алуучу уюм өз көзөмөлүнөн тышкары болгон жагдайлардан улам келип чыккан кечигүүлөр үчүн жооптуу болуп эсептелбейт.

Конкурска катышуучулар конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде даярдалган катышуу табыштаманы, зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук форматта electronicsecurity2026@kumtor.kg дарегине 2026‑жылдын 23‑январына чейин, саат 15:00дөн кеч эмес жөнөтүүшү керек.

Конкурс эки этаптан турат жана ар бир этап үчүн эки өзүнчө кат даярдоо зарыл:

Биринчи кат (биринчи этап үчүн) — квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен берилет. Темасын «Квалификациялык документтер» деп көрсөтүү керек.

Техникалык тапшырма ушул конкурстук документтерге тиркелген.

Экинчи кат (экинчи этап үчүн) каржылык сунуш менен берилет.

Темасын “Каржылык документтер” деп көрсөтүү керек;

Катышуучу Буйрутмачы тарабынан берилген Техникалык тапшырмага ылайык, табыштаманын баасын камтыган коммерциялык сунушту берүүгө милдеттүү.

Маанилүү!! Каттын (сунуштун) көлөмү 25MBдан ашпашы керек.

Эгер тиркемелердин көлөмү 25 МБдан ашып кетсе, анда конкурстук арызды бөлүктөргө бөлүп, каттын темасында төмөнкүдөй көрсөтүү талап кылынат:

1. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» Бөлүк 1.

2. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» Бөлүк 2, жана башкалар.

Документтерди булуттагы сактагычтарына жүктөө аркылуу жөнөтүү сунушталбайт, анткени булуттагы файлдарды жүктөө үчүн берилген шилтемелердин мөөнөтү өтүп кетиши мүмкүн.

Катышуучунун конкурстук табыштамысы эки топтомго бөлүнүшү керек.

Документтердин биринчи топтому:

1. Катышуучунун квалификациясы жана техникалык сунуштары.

Конкурстук табыштаманын баасын же баага байланышкан кандай гана болбосун маалыматты көрсөтүүгө тыюу салынат. Биринчи  баа көрсөткөн катышуучунун арызы каралбайт жана четке кагылат.

1.      Конкурска катышууга кызыкдар экенин тастыктаган кат, табыштама формасы тиркелет (Тиркеме 2);

2.      Юридикалык жактын каттоо күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле директор болуп дайындалуу чечиминин сканерленген көчүрмөсү;

3.      Негизги ишмердүүлүк түрун аныктаган документтин (Уставдын) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү;

4.      Ак ниеттүлүк декларациясы, форма тиркелген (Тиркеме 3);

5.      Конкурстук табыштаманы кепилдеген декларация, форма тиркелген (Тиркеме 4);

6.      Акыркы отчеттук мезгил үчүн мамлекеттик органдарга болгон салыктык төлөмдөр жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымкат;

7.      2023-2024-жылдар үчүн финансы отчеттуулугунун оригиналынын скан көчүрмөлөрү:

Бухгалтердик баланс баракчасы;

Кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет;

Акча каражаттарынын агымы жөнүндө отчет;

Капиталдагы өзгөрүүлөр тууралуу билдирүү.

Же болбосо 2023-2024-жылдар үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясы.

Документтердин экинчи топтому:

2. Каттын темасында төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек:

«Сунуштун баасы (катышуучунун аталышы)»

Каттын мазмуну сырсөз менен шифрлениши керек. Эгер катышуучу баалоонун биринчи этаптан өтсө, сырсөз суралат.

– Ишти аткаруу мөөнөттөрүн жана төлөм шарттарын көрсөткөн коммерциялык сунуш — расмий бланкта түзүлүшү керек.

·         Жеңүүчү деп баа/сапат/кызмат көрсөтүү мөөнөтү боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган жана Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык келген конкурстук табыштаманы тапшырган катышуучу саналат.

·         Конкурстун катышуучусу тарабынан көрсөтүлгөн иштердин наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу бардык чыгымдарды, салыктарды, алымдарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү жана тейлөө мезгилин, келишимде көрсөтүлгөн коштоочу кызматтарды эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу боюнча башка чыгымдарды камтууга тийиш.

Баалоо критерийлери: ·         Тандоодон өткөн деп, бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана суралган документтердин толук пакетин тапшырган сунуш таанылат.

·         Келишимдин аткарылышына кепилдик милдеттенме (КАКМ) — конкурстук документацияда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык, берүүчүнүн милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн конкурстун жеңүүчүсү тарабынан Декларация түрүндө түзүлөт.

Темасы «Жайгаштыруу кызматы» деп көрсөтүлгөн сунушту 2026‑жылдын 23‑январына чейин, саат 15:00дөн кечиктирбестен electronicsecurity2026@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүү керек.
Буйрутмачы Келишим берилгенге чейин, каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу. Муну менен ал катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме албайт.
Конкурстук сунуш расмий бланкта болушу керек.
Тандоо катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кеч берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өзүнүн сунушун тапшыруу менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттар менен макул экенин тастыктайт.

Ар бир тандоо катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилбейт.

Тандоодон өткөн катышуучу келишимге кол коюудан мурда келишимдин аткарылышына кепилдик милдеттенме декларация түрүндө берүүгө милдеттүү.
Бул конкурска байланыштуу бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Meerim.Toibaeva@kumtor.kg
Тандоо шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.

 

Тиркемелер:

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР