Жарыяланган: 07 October 2025
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун Мүдүрлөр кеңешинин, Башкармалыгынын мүчөлөрү жана “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” жетекчилиги Тоголок, Жангарт долбоорлорунун алкагында жасалып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышып келишти.
Жумушчу сапардын алкагында алар Ак-Шыйрактагы өткөөл пунктун курулушу, Тоголок алтын кенине баруучу жолдордун жана Кайчы дарыясында салынып жаткан көпүрөнүн абалын көрүштү. Ошондой эле алтын ылгоочу фабрика, жумушчулар лагери салына турган аймакта жүрүп жаткан инженердик изилдөө иштеринен да кабар алышты.
Ал эми Жангарт аянтында жакында эле бургулоо жумуштары башталып, иштер белгиленген план боюнча уланууда. Убактылуу жумушчулар лагеринде заманбап модулдук үйлөр орнотулуп, геологдорго ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Тоголок, Жангарт долбоору боюнча иштер мындан ары да активдүү уланаарын айткан Башкармалыктын мүчөсү Бакытбек Майлиев “Эң негизги жумуштар башталды. Керектүү техникалар четинен алынып жатат. Кызматкерлерибизге татыктуу шарт түзүүгө аракет кылуудабыз. Жетекчилик тарабынан коюлган баардык милдеттерди өз убагында жана так аткарышыбыз керек” – деди.