КГК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ГРИГОРЬЕВ КАПЧЫГАЙЫНА ТЯНЬ-ШАНЬ КАРАГАЙЫНЫН КӨЧӨТТӨРҮН ОТУРГУЗУШТУ

КГК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ГРИГОРЬЕВ КАПЧЫГАЙЫНА ТЯНЬ-ШАНЬ КАРАГАЙЫНЫН КӨЧӨТТӨРҮН ОТУРГУЗУШТУ

Жарыяланган: 19 May 2025

Кумтөр ишканасынын жетекчилиги жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын адистери, жергиликтүү тургундар жана активисттер менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Григорьев капчыгайына 19 миң Тянь-Шань карагайынын үч жылдык көчөттөрүн отургузушту.

«Кумтөр Голд Компанинин» Мүдүрлөр кеңешинин мүчөсү Бактыбек Турусбеков компания кызматкерлери көчөт отургузуу боюнча мындай масштабдуу акцияларга биринчи жолу катышып жатпагандыгын билдирди.

«Мисалы, өткөн жылы Каркыра жайлоосунда 300 гектар аянтка 332 400 түп кайың, кызыл карагай жана Тянь-Шань карагайынын көчөтү отургузулган. Бир жыл мурда компаниянын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылына Тянь-Шань карагайынын көчөттөрүн отургузууга катышкан. Бүгүн «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында эң кооз жерлердин бири болгон Григорьев капчыгайында 10 гектар аянтка 19 миң түп карагай  отургузулду. Буйруса, бардык көчөттөр тамыр алып, көпчүлүк сүйгөн эс алуучу жана ар кандай этнофестивалдарды, мелдештерди өткөрүүгө жагымдуу жайга айланат деп ишенем»- деди ал.

Мындан тышкары Бактыбек Турусбеков бүткүл өлкө боюнча токой аянттарын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

«Токойлор топурактын эрозиясына бөгөт коёт, жер көчкү жана сел сыяктуу жыл сайын олуттуу зыян келтирүүчү табигый кырсыктардын санын кыскартууга көмөктөшөт. Токой аянттарынын көбөйүшү өлкөнүн биоэкономикасына да чоң салым кошору маанилүү. Көмүр кычкыл газын иштеп чыгуудан тышкары, токой массивдеринде ар дайым гүлдөр жана ар кандай чөптөр көп болот, бул өзүнүн даамдык жана дарылык касиеттери боюнча уникалдуу кыргыз тоо балын жыл сайын чогулткан биздин балчылар үчүн маанилүү», – деди ал.