Жарыяланган: 29 December 2025
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун 2025-жылдын 12 айындагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешеси 124 млрд 216 млн сомдон ашты. Компаниянын 2025-жылдагы таза кирешеси 59 млрд 286 млн сомду түздү.
Үстүбүздөгү жылдын 12 айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салык жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 21,5 млрд сомдон ашык каражат төлөнөт. Ал эми дивиденд түрүндө 13 млрд 48 млн сом которулду.
2025-жылдын аягына чейин алтын өндүрүүнүн көлөмү 12 тоннадан ашмакчы.