Жарыяланган: 19 May 2025
ТАБЫШТАМАНЫ ТАПШЫРУУГА ЭҢ АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 26-майында саат 12:00 чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди заряд контроллерлерин, реле контроллерлерин жана дронду (пилотсуз аба аппаратын) жеткирүү боюнча ачык тандоого катышууга чакырат. Лотторду өзүнчө сатууга мүмкүнчүлүк бар.
Сунуштарды берүү шарттары:
1. Сунуштарды берүү форматы:
Сунуштар, анын ичинде документтер, тиркемелер жана баа сунуштары, коммерциялык сунуштар менен келишимдерге кол коюуга укуктуу болгон адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөрлөнүп, PDF форматында берилүүгө тийиш. Кол коюучунун укуктары ыйгарым укук берилгендик тууралуу ишеним кат менен же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
2. Сунуштарды берүү тартиби:
Конкурска катышуучулар техникалык тапшырмага ылайык коммерциялык сунушту жана керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук почта аркылуу жөнөтүшү керек. Сунуштар 2 (эки) өзүнчө электрондук кат менен берилет:
1-Кат. Техникалык (квалификациялык) бөлүк:
Төмөнкү документтерди камтышы керек жана төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: devices2025@kumtor.kg
2-Кат. Финансылык бөлүк:
Аны ошол эле дарекке өзүнчө кат менен жеткирүүнүн мөөнөтүн жана төлөмдөрдүн шарттарын жөнөтүш керек.
Коммерциялык сунушта көрсөтүлгөн баа бардык чыгымдарды, анын ичинде салыкты, бажы алымдарын, төлөмдөрдү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу башка төлөмдөрдү камтышы керек. Баа КГКнын кампасына, Ибраимов 24 көч., Бишкек ш. жеткирүү менен камтышы керек.
Тандоо боюнча катышуучу баа жана квалификациялык сунушту бөлүп бериши керек, ал эми Баа сунушу сырсөз менен архивге жайгаштырылышы керек. Сырсөз 2025-жылдын 26-май күнү саат 12:30дан кийин гана төмөнкү электрондук дарекке берилүүсү тийиш: devices2025@kumtor.kg.
Баалоо критерийлери:
Жеңүүчү катары бардык талаптарга жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган сунуш тандалат.
3. Конкурс шарттары:
Сунуштарды берүү үчүн акыркы мөөнөт: 2025-жылдын 26-май күнү, саат 12:00.
Тандоонун Катышуучулары тарабынан биринчи жана экинчи пакеттин көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген конкурстук сунуштар жана / же арыздар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунуш берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарына толук макул экендигин билдирет.
Ар бир катышуучу бир гана конкурс сунушун бере алат.
Документтерди төмөнкү шилтемелер аркылуу жүктөп алсаңыз болот:
Комиссия түзүү тууралуу буйрук
15-майдын № KGC-25-292 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Заряддын контроллерин жеткирүү үчүн ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА
Реленин башкаруу контроллерин жеткирүү үчүн ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА
Дрон (пилотсуз аба аппараты) сатып алуу үчүн ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА