ВИЗУАЛДЫК ДИЗАЙНЕР (БИШКЕК ШААРЫНЫН КЕҢСЕСИ)
Жарыяланган: 04 June 2025
ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 13-июну, саат 10:00 чейин
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Бишкек шаарында визуалдык дизайнер кызматтарын көрсөтүү боюнча сервис-контракт негизинде конкурс жарыялайт.
Сунуштарды төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү зарыл: visualizer@kumtor.kg
Кызмат ордунун аталышы: визуалдык дизайнер (Бишкек шаарынын кеңсеси)
МИЛДЕТТЕРИ:
ТАЛАПТАР:
- Концептуалдык долбоорлоо:
- Кеңселик, коомдук, өндүрүштүк жана атайын жайлар үчүн интерьер дизайнынын концепцияларын иштеп чыгуу жана визуализациялоо;
- Имитараттардын фасаддары боюнча архитектуралык концепцияларды иштеп чыгууга катышуу (коомдук, өндүрүштүк, административдик объекттер);
- Стиль, материалдарды, түс палитра, жарыктык чечимдерди тандоо;
- Коллаждарды, маанай такталарын, жайгаштыруу жана зоналар схемаларын түзүү.
- Визуалдаштыруу:
- Интерьер жана фасаддар үчүн 3D-визуализацияларды түзүү;
- Ар кандай долбоорлоо баскычтарында архитектуралык жана интерьер рендерлерди аткаруу (эскиз, концепция, долбоор);
- Интерьер буюмдарын, эмерек, архитектуралык элементтерди чийме же референстер боюнча моделдештирүү;
- Анимациялык роликтерди жана панорамалык сүрөттөрдү даярдоо (зарыл учурда).
- Взаимодействие с проектной группой:
- Архитекторлор, инженерлер, конструкторлор, долбоор менеджерлери менен иштөө;
- Долбоордук чечимдерди талкуулоого катышуу;
- Инженердик жана техникалык чектөөлөрдү визуалдык чечимдерди иштеп чыгууда эске алуу;
- Баштапкы маалыматтарды архитекторлордон алуу жана аларды визуалдаштырууда туура колдонуу.
- Презентацияны колдоо:
- Буйрутмачыга сунуштала турган материалдарды даярдоо: рендерлер, долбоорлор, схемалар, коллаждар;;
- Долбоордук альбомдорду жана тендердик документтерди даярдоого катышуу;
- Визуалдаштырууну корпоративдик стандарттарга шайкеш келтирүү;
Аткаруучуга квалификациялык талаптары
- Жогорку кесиптик билим (архитектура, дизайн, 3D-графика).
- Архитектуралык визуалдаштыруу жаатында кеминде 3 жылдан кем эмес тажрыйба.
- 3ds Max, Corona / V-Ray, ArchiCad, SketchUp (кубатталат), Revit (кубатталат), AutoCAD (базалык деңгээлде), Photoshop, InDesign (кубатталат), Lumion / Twinmotion программаларын колдоно билүү.
- Архитектуралык жана инженердик чиймелерди түшүнүү.
- Көркөм табит, архитектура жана дизайндагы заманбап багыттарды билүү;
- Команда менен иштөө жөндөмү, тактык жана жоопкерчилик.
Шарттары:
- Башкы кеңсе — Бишкек шаары
- Дарек: 720031, Кыргыз Республикасы,
- Бишкек ш., Ибраимов көчөсү, 24
- Иштөө графиги: Толук жумуш күнү (5/2);
- Кызмат акылары — маектешүүнүн жыйынтыгына жараша аныкталат.
Аткаруучу тарабынан берилүүчү документтер боюнча талаптар
- Паспорт;
- Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
- Патент же Жеке ишкердин күбөлүгү;
- Банктык реквизиттери;
- Резюме;
- Диплом, сертификат (инжинирингдик кызмат көрсөтүү боюнча адис экендигин тастыктаган).
Эскерте кетсек, сынакка катышуу үчүн No1, No2, No3 жана No4 Тиркемелерди толтуруу керек.
Документтерди көчүрүп алыңыз:
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА
Общие условия договора
Приложение №1 Deklaratsiya dobrosovestnosti i antikorrupts ogovorka
Приложенеи №2 forma deklaratsii KZ
Приложение №3 форма заявки кандидата
Приложение №4 ОБЯЗАТЕЛЬСТВО о неразглашении конф.