ВЕДОМСТВОЛУК СЫЙЛЫКТАРДЫ ДАЯРДОО ЖАНА ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА КОНКУРСТУК ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮ

ВЕДОМСТВОЛУК СЫЙЛЫКТАРДЫ ДАЯРДОО ЖАНА ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА КОНКУРСТУК ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮ

Жарыяланган: 22 July 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 5-августу, саат 10:00 (Бишкек убактысы боюнча).


Урматтуу мырзалар жана айымдар!

«Кумтор Голд Компани» ЖАК (мындан ары – Буюртмачы) укуктуу жеткирүүчүлөрдү «Кумтор Голд Компани» ЖАКнын кызматкерлери үчүн ведомстволук сыйлыктарды даярдоо жана жеткирүү боюнча чектөөсүз эки этаптуу конкурска катышууга жана Техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү лот боюнча конкурстук табыштамаларды берүүгө чакырат:

  1. №1 лот – ведомстволук сыйлыктарды даярдоо жана жеткирүү.

Сиздердин сунуштарыңыздар, тиркелген документтер, кошумчалар жана баа сунуштары коммерциялык сунуштарды жана келишим боюнча милдеттенмелерди кол коюуга бардык ыйгарым укуктарга ээ болгон жак (же жактар) тарабынан кол коюлуп, мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө жана PDF форматында берилүүгө тийиш.

Документтерге кол коюуга ыйгарым укуктуу экендиги ишеним кат же анын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталууга тийиш.

Тандоого катышууну каалагандар Чакыруу катынын №2, №3, №4 жана №5 тиркемелерине ылайык формаларды толтуруп, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почта аркылуу жөнөтүшү керек.

Катышуучулар конкурска катышуу үчүн табыштамаларын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат менен жөнөтүшөт, алардын көлөмү 25 МБдан ашпоого тийиш.

Биринчи пакет боюнча каттын темасы «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]», ал эми экинчи пакет боюнча «Баалык сунуш [компаниянын аталышы]» болуп, төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: vedmedal@kumtor.kg

Конкурстук табыштаманы берүү тартиби

Катышуучулар документтерди эки өзүнчө пакетте беришет, мында эки пакет тең бир убакта тапшырылат:

  • №1 пакет – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сырсөзсүз берилет);
  • №2 пакет – коммерциялык сунуш (файлга кирүү сырсөз аркылуу камсыз кылынууга тийиш жана биринчи этапта ачылбайт, сырсөз Буюртмачынын электрондук почта аркылуу суроо жөнөтүүсүнөн кийин берилет).

1. Биринчи этап – квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо катышуучунун төмөнкү документтерин кароону камтыйт:

  • Иш тажрыйбасын талдоо (акыркы эки жылдагы келишимдердин көчүрмөлөрү);
  • Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык берилген документтердин шайкештигин текшерүү;
  • Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги тууралуу маалымкаттардын түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү (МСК, Соцфонд);
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн — ЖК катары катталганы тууралуу күбөлүк же жарактуу патенттин көчүрмөсү, мында ишмердүүлүк түрү сатып алуунун предметине шайкеш келүүгө тийиш);
  • Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
  • Документтерге кол коюуга ыйгарым укуктарды ырастоочу ишеним кат же башка документ;
  • Кол коюучунун паспортунун сканерленген көчүрмөсү;
  • Акыркы 2024 жана 2025-жылдар үчүн бардык тиркемелери менен (пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү жана БСК (Бирдиктүү салык декларациясы);
  • Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу тууралуу маалымат (акыркы үч жыл, анын ичинде учурдагы жыл);
  • Конкурстук табыштаманы камсыздоого кепилдик берүүчү декларация (Чакыруунун №2 тиркемесине ылайык форма боюнча);
  • Ак ниеттүүлүк жана коррупцияга каршы эскертме жөнүндө декларация (Чакыруунун №3 тиркемесине ылайык форма боюнча).

1.2. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча экинчи этапка өткөрүлгөн катышуучулардын тизмеси түзүлөт.

1.3. Төмөнкү катышуучулар экинчи этапка өткөрүлбөйт:

  • документтердин толук пакетин бербегендер;
  • биринчи пакет менен кошо сырсөзсүз коммерциялык сунуш бергендер же сырсөздү талап кылынганга чейин жөнөткөндөр;
  • Буюртмачынын суроо-талабынан кийин экинчи пакеттин сырсөзүн бербеген учурда;
  • конкурстук табыштаманы камсыздоого кепилдик берүүчү декларацияга (№2 тиркеме боюнча) кол коюлбаган учурда;
  • ак ниеттүүлүк жана коррупцияга каршы эскертме жөнүндө декларацияга (№3 тиркеме боюнча) кол коюлбаган учурда;
  • чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч документ тапшыргандар;
  • Буюртмачынын коопсуздук кызматы жана финансылык бөлүмү тарабынан аккредитациядан өтпөгөндөр.

1.4. Буюртмачы өз каалоосу боюнча жеринде текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.

  1. Экинчи этап – конкурстук табыштамаларды баалоо

2.1. Экинчи этапка биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катышууга укуктуу.
2.2. Катышуучунун баалык сунушу Чакыруунун №5 тиркемесиндеги формага так ылайык толтурулууга тийиш.

  • Эгер катышуучу баалык сунушту №5 тиркемеде белгиленген формага ылайык эмес берсе, анын табыштамасы четке кагылат.

2.3. Баа жана сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган жана Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык табыштама берген катышуучу жеңүүчү деп таанылат.

2.4. Ар бир лот боюнча суроо-талаптагы максималдуу сандагы позициялар үчүн бааларды сунуштаган катышуучуга артыкчылык берилет.

2.5. Конкурска катышуучу көрсөткөн товардын наркы бардык чыгымдарды, анын ичинде салыктарды, бажы төлөмдөрүн, жыйымдарды, Буюртмачынын кампасына чейин жеткирүүнү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу башка төлөмдөрдү жана Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн, коштомо кызматтарды эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткарууга байланышкан башка чыгымдарды камтууга тийиш.

  • Баалоо критерийлери: Белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана баа/сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү деп табылат;
  • Баалык сунуштарды баалоо КНС эске алынбастан жүргүзүлөт;
  • Лот бөлүнгүс болуп саналат;
  • Жеткирүүчүнү Буюртмачы тандайт;
  • Тандалган жеткирүүчү менен жеткирүү келишими түзүлөт.

Келишимдин аткарылышына кепилдик камсыздоосунун өлчөмү жана формасы (мындан арыКАКК)

  • Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеткирүү келишимин түзүү укугу ыйгарылган катышуучу келишимдин жалпы суммасынын 2% өлчөмүндө КАКК киргизүүгө тийиш.
  • Эгер жеңүүчү катышуучу КАКК киргизүүдөн баш тартса, Буюртмачы келишимди кийинки катышуучу менен, башкача айтканда резервдик жеткирүүчү менен түзүүгө укуктуу.
  • КАКК төмөнкү учурларда Буюртмачынын ырастоосунун негизинде жеткирүүчүгө 7 (жети) жумуш күнүнөн кечиктирбестен кайтарылып берилет:
  • келишим боюнча бардык милдеттенмелер, анын ичинде кепилдик милдеттенмелер (кепилдик мөөнөтү) толук аткарылганда;
  • форс-мажордук жагдайларга байланыштуу келишим бузулганда.
  • КАКК киргизүү үчүн банктык эсептин реквизиттери Чакыруунун №7 тиркемесинде көрсөтүлгөн.

Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 5-августу саат 10:00гө чейин.

  • Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген конкурстук табыштамалар кабыл алынбайт жана каралбайт;
  • Өз сунушун берүү менен катышуучу Буюртмачынын бардык талаптарына, анын ичинде Чакыруунун №6 тиркемесинде көрсөтүлгөн келишимдин шарттарына макул экендигин билдирет;
  • Ар бир катышуучу ар бир лот боюнча бир гана конкурстук сунуш бере алат;
  • Сунуштарды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул Чакыруу боюнча суроолор жаралган учурда катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Olga.Turkovskaya@kumtor.kg электрондук дарегине кайрыла алат, бирок конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 3 жумуш күнүнөн кеч эмес. Түшүндүрмөлөр суроо келип түшкөн электрондук почта дарегине суроо алынган күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда Буюртмачы конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин, бирок кандай болгон күндө да 3 (үч) жумуш күнүнөн кеч эмес убакытта кошумчаларды чыгаруу жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Эгер ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилсе, Буюртмачы конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн кийинки күнгө жылдыра алат. Бул тууралуу маалымат конкурс жарыяланган Буюртмачынын расмий сайтына жайгаштырылат: «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын расмий сайты.

Буюртмачы кандайдыр бир сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим берилгенге чейин каалаган убакта конкурсту жокко чыгарууга жана бардык сунуштарды четке кагууга укуктуу жана мында катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР