Жарыяланган: 30 March 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 9-апрели, саат 15:00.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди учурда иштеп жаткан була-оптикалык байланыш линиясында (мындан нары БОБЛ) профилактикалык оңдоо иштерин аткаруу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө жеткирип берүүчүнү тандоо үчүн бир этаптуу эки топтомдон турган чектелбеген конкурска катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Катышуу үчүн табыштамага жана башка документтерге, табыштамага кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек.
Документтер мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек. Конкурстук сунушту даярдоонун алдында катышуучу Конкурстук табыштаманы даярдоо боюнча нускама (берүүчүлөр үчүн) менен таанышуусу керек (1-тиркеме). |
| Сунуштарды
тапшыруу тартиби
|
Конкурстук табыштама, декларация түрүндөгү конкурстук табыштамага кепилдик милдеттенме менен бирге тапшырылы керек.
Конкурстук табыштаманын жарамдуулук мөөнөтү 60 календардык күндөн кем эмес болушу керек. Кошумча маалымат алуу же конкурстук документация боюнча түшүндүрмө алуу үчүн суроо-талапты Meerim.Toibaeva@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 03-апрели саат 15:00гө чейин, конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү аяктаганга 3 иш күн калганда жөнөтүү керек. Сатып алуучу уюм өз көзөмөлүнөн тышкаркы жагдайлардан улам болгон кечигүүлөр үчүн жоопкерчиликтүү деп эсептелбейт. Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде катышуу үчүн табыштаманы даярдап, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө VOLS2026@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 09-апрели саат 15:00гө чейин жөнөтүүгө тийиш. Конкурс эки этапта өткөрүлөт жана ар бир этап үчүн эки өзүнчө катты даярдоо талап кылынат: Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүгүн тастыктаган документтер менен кошо тапшырыла. Каттын темасында «Квалификациялык документтер» деп көрсөтүү керек. Техникалык тапшырма ушул конкурстук документацияга тиркелген. Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен тапшырылат. Каттын темасында: «Финансылык документтер» деп көрсөтүү керек; Катышуучу Буйрутмачы берген Техникалык тапшырмага ылайык табыштаманын баасын камтыган коммерциялык сунушту берүүгө милдеттүү. |
| Маанилүү!!! | Каттын (сунуштун) көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.
Эгер тиркемелердин көлөмү 25 МБдан ашса, анда конкурстук табыштаманы бөлүктөргө бөлүп, каттын темасында төмөнкүчө көрсөтүү зарыл: 1. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» 1-бөлүк. 2. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» 2-бөлүк, жана андан ары. Документтерди жүктөө үчүн булут сактагычтарга шилтемелердин мөөнөтү чектелүү болгондуктан, документтерди булуттагы сактагычтар аркылуу жөнөтүү сунушталбайт. Катышуучунун конкурстук табыштамасынын документтери эки топтомго бөлүнүшү керек. Документтердин биринчи топтому: 1. Катышуучунун квалификациялык жана техникалык сунуштары. Конкурстук табыштаманын баасын же бааны ачып бере турган башка маалыматтарды көрсөтүүгө жол берилбейт. Биринчи топтомдо өзүнүн сунушунун баасын көрсөткөн катышуучунун конкурстук табыштамасы четке кагылат. 1. Конкурска катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат; 2. Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме; 3. Конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация; 4. Компания тууралуу толук маалымат: 5. Кызмат көрсөтүү үчүн талап кылынган керектүү уруксаттар, лицензиялар, сертификаттар; -акыркы 3 жылда ушуга окшош көрсөтүлгөн кызматтар боюнча референс тизме; -рекомендациялар, пикирлер. 6. Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү; 7. Негизги ишмердүүлүк түрүн аныктаган документтин (Устав) сканерленген көчүрмөсү жана жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү; 8. 2022–2023–2024-жылдар үчүн каржылык отчеттордун скан көчүрмөлөрү: 9. – Бухгалтердик баланс; – Киреше жана чыгаша тууралуу отчет; – Акча каражаттарынын кыймылы тууралуу отчет; – Капиталдын өзгөрүшү тууралуу отчет; – Бирдиктүү Салык Декларациясы. 10. Акыркы отчеттук датага карата мамлекеттик органдар алдында салыктык төлөмдөр жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу тууралуу маалымкат; Документтердин экинчи топтому: 2. Каттын темасында көрсөтүлүшү керек: «Сунуштун баасы (катышуучунун аталышы)» Каттын мазмуну сырсөз менен корголушу керек. Сырсөз катышуучу биринчи этаптагы баалоодон өткөн учурда суралат. – Коммерциялык сунуш расмий бланкта, иштерди аткаруу мөөнөттөрүн жана төлөм шарттарын көрсөтүү менен, сметалык документтерди/калькуляцияны (чыгашалардын деталдуу түшүндүрмөсү) кошуу менен берилүүгө тийиш. · Жеңүүчү деп баа/сапат/кызмат көрсөтүү мөөнөтү боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган жана Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык конкурстук табыштаманы тапшырган катышуучу эсептелет. · Конкурска катышуучу көрсөткөн иштердин баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу бардык чыгымдарды, анын ичинде салыктарды, бажы төлөмдөрүн, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу чыгымдарды жана Келишимде көрсөтүлгөн кошумча кызматтарды камтышы керек. |
| Баалоо
критерийлери:
|
· Тандоодон өткөн деп саналган сунуш – бардык талаптарга жооп берген жана талап кылынган документтердин толук топтомун тапшырган сунуш болуп эсептелет.
· Келишимди аткарууга кепилдик милдеттенме (КАКМ) – конкурстук документацияда көрсөтүлгөн талапка ылайык, берүүчү тарабынан милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн каралган кепилдикти конкурстун жеңүүчүсү Декларация түрүндө берет. |
| «Кызмат» темасы көрсөтүлгөн сунуштарды VOLS2026@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 09-апрели, (Бишкек убактысы боюнча) саат 15:00гө чейин жөнөтүү керек. | |
| Буйрутмачы келишимди ыйгаруу алдында каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же
четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу жана бул үчүн катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт. |
|
| Конкурстук сунуш расмий бланкта даярдалышы керек керек. | |
| Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган конкурс сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Ар бир Катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат. Конкурс сунушунун мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек. Конкурс сунушунун мөөнөтү ичинде сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Тандалып алынган катышуучу келишимге кол коюудан мурун келишимди аткарууну кепилдеген декларация түрүндөгү кепилдикти берүүгө милдеттүү. | |
| Бул конкурс боюнча бардык суроолор Meerim.Toibaeva@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек. | |
| Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек. | |
Тиркемелер: