ТОВАРЛАРДЫ, ИШТЕРДИ ЖАНА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ САТЫП АЛУУ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ (СЕРВИС-КЕЛИШИМИНИН НЕГИЗИНДЕ)
Жарыяланган: 17 December 2025
ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 24-декабры, саат 11:00 (Бишкек убактысы боюнча).
ЭКИ ТОПТОМДОН ТУРГАН ЧЕКТЕЛБЕГЕН КОНКУРСКА ЧАКЫРУУ
Сатып алуунун предмети: товарларды , иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча кызмат көрсөтүү (сервис-келишиминин негизинде).
Буйрутмачы: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – “КГК”) кызмат көрсөтүү боюнча конкурска катышууга чакырат:
- товарларды , иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча кызмат көрсөтүү;
Квалификациялык документтерди тапшыруунун негизги талаптары:
- Документтерди PDF форматында тапшыруу керек.
- Документтерди procurement2025@kumtor.kg электрондук дарегине 2025-жылдын 24-декабрына чейин, Бишкек убактысы боюнча саат 11:00гө чейин жөнөтүү керек.
- Бир каттын өлчөмү 25МБдан ашпашы керектигин эске алыңыз.
Тапшыруу үчүн талап кылынган документтер:
- Толтурулган №1 Тиркеме (Ачык-айкындуулук декларациясы жана коррупцияга каршы жобо).
- Толтурулган №2 Тиркеме (Конкурс арызын кепилдеген декларация).
- ID картанын сканирленген көчүрмөсү.
- Эгер жеке ишкердин күбөлүгү бар болсо – документтин сканерленген көчүрмөсү жана салык органынан карыздын жоктугу тууралуу маалымкат.
- Соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
- Көрсөтүлө турган кызмат боюнча күбөлүк.
- Квалификациясын тастыктаган маалымкаттар.
Жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү / тиешелүү ишмердүүлүк боюнча патенттин (ыктыярдуу же милдеттүү) көчүрмөсү (тапшыруу күнүнө жарактуу), ошондой эле паспорттун/ID-картанын көчүрмөсү.
Квалификациялык документтерди тапшыруу үчүн негизги талаптар:
- Сынакка катышуучулар сынактын талаптарына ылайык катышуу үчүн орус тилинде арыз тапшырып, белгиленген электрондук почтага жөнөтүшү керек.
- Тандоо учурунда тапшырылган бардык документтер купуялуу катары каралат.
- Өз сунушун берүү менен, катышуучу компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот.
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомдо тапшырышат, экөө тең жогоруда белгиленген элекрондук почтага бир убакта жөнөтүлөт:
- №1 Топтом – квалификациялык жана техникалык сунуш (сырсөзсүз берилет),
- №2 Топтом – коммерциялык сунуш (1 саат үчүн баасын көрсөтүү керек; файлга кирүү сырсөз аркылуу болушу керек, сырсөз буйрутмачынын өтүчүнөн кийин электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт).
- KГК кошумча тастыктоочу документтерди суроого же берилген маалыматты текшерүүгө укуктуу. Эгерде туура эмес маалымат табылса, арыз четке кагылат..
- Эгерде бул чакыруу боюнча суроолор болсо, катышуучу тактоо үчүн Meerim.toibaeva@kumtor.kg электрондук дарегине кайрылса болот, бирок квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен. Түшүндүрмөлөр суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу суроо-талап алынган күндөн тартып 3 (үч) календардык күндөн кечиктирилбестен суроо-талап берген жеткирүүчүгө жөнөтүлөт.
- Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү 20 календардык күндөн кем болбош керек.
- Документтерди тапшыруу мөөнөтү бүткөндөн кийин, катышуучулар өзгөртүүлөрдү же кошумчаларды киргизе алышпайт.
- Тандоо катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
KГК талаптарга жооп бербеген арызды четке кагууга укуктуу. Документтерди тапшыруу сатып алуу процедурасынын кийинки этаптарына катышууну кепилдебейт.
Эгер бул Чакырууга өзгөрүүлөр киргизилсе, Буйрутмачы квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы күнүн жылдыра алат жана бул тууралуу Буйрутмачы бул конкурс жарыяланган https://www.kumtor.kg/ru/ расмий сайтына тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу билдирет.
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР