ТЕХНИКАЛЫК АЗОТ КИСЛОТАСЫН ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАГА ЫЛАЙЫК ЖЕТКИРҮҮ ҮЧҮН БАА СУНУШТАРЫН ТАПШЫРУУГА ЧАКЫРАБЫЗ

ТЕХНИКАЛЫК АЗОТ КИСЛОТАСЫН ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАГА ЫЛАЙЫК ЖЕТКИРҮҮ ҮЧҮН БАА СУНУШТАРЫН ТАПШЫРУУГА ЧАКЫРАБЫЗ

Жарыяланган: 25 August 2025

БАА СУНУШТАРЫН ТАПШЫРУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 2-сентябры, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (мындан ары – “КГК”) Сиздерди техникалык азот кислотасын техникалык тапшырмага ылайык жеткирүү үчүн баа сунуштарын тапшырууга катышууга чакырат.

31.12.2025-жылга чейин пландаштырылган сатып алуу көлөмү 660 тоннаны түзөт (салмак боюнча жол берилген айырманы эске алуу менен).

Цистерналарда темир жолу аркылуу жеткирүү.

Буйрутмачынын кампасына келүүнүн реестри:

СЕНТЯБРЬ – 165 тонна.

ОКТЯБРЬ – 165 тонна.

НОЯБРЬ – 165 тонна.

ДЕКАБРЬ – 165 тонна.

DAP Токмок станциясы. ЭСР Коду: 71720

Коммерциялык сунуштар ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлуп, мөөр басылып, документтерди тапшыруу үчүн PDF форматында болушу керек.

Кызматкердин документтерге кол коюуга ыйгарым укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тастыкталышы керек.

Коммерциялык сунуштарды тапшыруу тартиби

Билдирүүгө “Кумтөр Голд Компани” ЖАКка азот кислотасын жеткирүүгө коммерциялык сунуш” деген тема жазылып төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек:   aсid@kumtor.kg

Өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун сунуштары каралат. Расмий дистрибьюторлук күбөлүк менен тастыкталышы керек. Бул тармакта жок дегенде 3 жыл сатуу тажрыйбасы болуш керек. Берүүчү сунушта жарыяланган азот кислотасынын өлчөмүнүн жеткиликтүүлүгүнө кепилдик берүүгө милдеттүү.

Буга чейинки кардарлардын сунуш-ой пикир каттарын, мурунку келишимдер боюнча контракттардын сканерленген көчүрмөсүн тапшыруу артыкчылыктуу болуп саналат.

 

Сиз төмөндөгү документти жүктөп алсаңыз болот:

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА