Жарыяланган: 15 December 2025
ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 22-декабры, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча).
Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди чектелбеген катышуучулар менен эки пакеттик ыкмада өткөрүлүүчү конкурска катышууга чакырат. Конкурстун максаты — «SUMAB 1500 B Бетон жабдусун шефмонтаж кызматын көрсөткөнгө».
| Тапшыруу форматы: | Конкурстук сунушка жана башка документтерге конкурстук сунушка жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек. Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Конкурстук сунушту даярдоонун алдында катышуучу «Конкурстук сунушту даярдоо боюнча көрсөтмө» менен таанышып чыгышы керек (1-тиркеме). |
| Квалификациялык жана техникалык сунуштарды тапшыруу тартиби | 1-этап: Квалификациялык жана техникалык бөлүгү |
| Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык сунуштарын орус тилинде жана тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн электрондук түрдө installation_supervision_sumab_2025@kumtor.kg дарегине 2025-жылдын 22-декабрь, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө чейин жөнөтүшү керек.
Техникалык тапшырма тиркелет (8-тиркеме). |
|
| Конкурска катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтышы керек: | Конкурска катышууга кызыгууну тастыктаган кат (2-тиркеме) |
| Юридикалык жакты каттоо күбөлүгүнүн скан көчүрмөсү | |
| Негизги ишмердүүлүктү аныктаган документтин (Устав) жана жетекчи катары дайындоо чечиминин скан көчүрмөсү | |
| Адалдык декларациясы (формасы тиркелген; 3-тиркеме) | |
| Конкурстук сунушту кепилдеген декларация (4-тиркеме) | |
| Иштеп жаткан кызматкерлер жана инженердик-техникалык кызматкерлер тууралуу маалымат, тажрыйбасы (5-тиркеме) | |
| Ишкер өнөктөштөрдүн тизмеси, аткарылган иштер жана сунуштар (5-тиркеме) | |
| Техникалык талаптар | Бардык иштер иштеп жаткан кендин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлүшү керек жана аныкталган маселелер боюнча сунуштарды камтууга тийиш. |
| Иштерди аткаруу учурунда бардык техникалык чечимдер жана өзгөчө пикирлер Подрядчик тарабынан Заказчы менен макулдашылат. | |
| Иштер өз тармагында дипломдуу жана жетиштүү тажрыйбасы бар адистер тарабынан аткарылышы керек. Аткаруучу кызмат көрсөтүү үчүн тартылган кызматкерлердин тизмесин, алардын билими жана тажрыйбасы тууралуу маалымат менен кошо, ошондой эле Кумтөр алтын кенин өздөштүрүү маселелери боюнча мурда жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн тизмеси менен берүүгө тийиш. |
|
| Баалоо критерийлери: | 1-этаптан өткөн сунуштар — бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана толук документтерди тапшырган сунуштар. |
| Финансылык сунуштарды тапшыруу тартиби | 2-этап: Финансылык бөлүгү |
| Финансылык/коммерциялык сунуш пароль менен корголгон архивде тапшырылышы керек (7-тиркеме). Сыр сөз (Пароль) конкурстун жооптуу адамына сурам жөнөтүү менен берилет.
Сыр сөз (Пароль) кеминде 8 белгиден турушу керек жана төмөнкүлөрдү камтышы керек: 1 сан, 1 символ, 1 баш тамга жана 1 кичине тамга. Финансылык/коммерциялык сунуш расмий бланкта ЗАО «Кумтор Голд Компани» дарегине багытталып, баа, аткаруу мөөнөтү жана төлөм шарттары көрсөтүлүшү керек. квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулар дан гана Сыр сөз (Пароль) суралат. |
|
| Катышуу сунушу «Шефмонтаж бетонного узла SUMAB 1500 B» деген тема менен installation_supervision_sumab_2025@kumtor.kg дарегине 2025-жылдын 8-декабрь, саат 15:00гө чейин жөнөтүлүшү керек. | |
| Заказчы, келишим берилгенге чейин, катышуучулардын сунушун кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурс процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу | |
| Сунуш расмий бланкта болушу керек | |
| Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган сунуштар кабыл алынбайт.
Сунушту тапшыруу менен катышуучу Компаниянын бардык талаптарына макул экенин билдирет. Ар бир катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 40 календардык күн болушу керек. Сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт. Кызмат көрсөтүү келишиминин долбоору таанышуу үчүн берилет (6-тиркеме). Бул долбоор акыркы эмес жана конкурстун жыйынтыгына жараша өзгөртүлөт. |
|
| Конкурска байланыштуу бардык суроолор жана түшүндүрмөлөрдү сураган каттар aibek.berdigulov@kumtor.kg дарегине акыркы тапшыруу мөөнөтүнө 3 календардык күн калганда жөнөтүлүшү керек. | |
| Келишим техникалык тапшырмага жана тандоо шарттарына жооп берген, 1 жана 2 этаптан өткөн, эң төмөн бааны сунуштаган катышуучуга берилет | |