КАМСЫЗДАНДЫРУУ БОЮНЧА УЛУК АДИС
                Жарыяланган:  30 November 2022
                “Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Камсыздандыруу боюнча улук адис 
Билдирүүнүн номери: KGC-22-273
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 
- Камсыздандыруу маселелери боюнча бөлүмдүн ишин камсыз кылуу: документ жүгүртүү, отчеттуулук, пландоо;
 
- Камсыздандыруу келишимдерин, эсептерди, актыларды, камсыздандыруу окуялары жөнүндө билдирүүлөрдү, камсыздандыруу тизмелерине киргизүү/чыгарууларды даярдоо;
 
- Аналитикалык отчетторду, баяндамаларды, презентацияларды даярдоо;
 
- Камсыздандырууну башкаруу процессин жүргүзүүнү уюштуруу боюнча тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуу;
 
- Камсыздандыруу стандарттарын жана принциптерин/процесстерин ишке ашыруу үчүн Компаниянын бөлүмдөрү менен кызматташуу;
 
- Камсыздандыруу продуктылары боюнча рынокту изилдөө жана сунуштарды даярдоо. 
 
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Жогорку билим (финансы-экономикалык/камсыздандыруу иши);
 
- Камсыздандыруу мыйзамдарын, камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрүн билүү;
 
- Камсыздандырууну,чыгымдарды жана камсыздандырууга чейинки текшерүүлөрдү жөнгө салууну, брокердик ишкердикти, камсыздандыруу премияларын жана суммаларын эсептөөнү уюштуруу процесстерин түшүнүү;
 
- Документтер менен иштөө тажрыйбасы: келишимдерди даярдоо, актыларды түзүү, реестрлерди жүргүзүү;
 
- Сатып алуу процедуралары менен иштөө, камсыздандыруу келишимдерин түзүү, камсыздандыруу боюнча тажрыйбасы;
 
- Ишкердик кат алмашуу жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жогорку деңгээлде даярдыгы болуу;
 
- MS Office программасынын (Word, Excel, PowerPoint) жакшы колдонуу;
 
- Камсыздандыруу тармагында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба.
 
Анкета жана резюмени 2022-жыл 13-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-273.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.