Жарыяланган: 01 April 2026
«Кыргызалтын» ачык акционердик коому «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун карап чыкты.
«Кумтөр Голд Компанинин» Башкармалыгынын төрагасы Бузурман Субанов билдиргендей, отчеттук мезгилде Кумтөрдө 12 081 кг алтын казылып алынган. Компаниянын 2025-жылдагы кирешеси 1 млрд 434 млн АКШ долларын түзүп, ал эми таза пайдасы 706 млн АКШ долларынан ашты.
Бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 246,5 млн АКШ доллары которулду. Ошондой эле 2025-жыл үчүн дивиденд түрүндө 300 млн АКШ долларын төлөө чечими кабыл алынган.
Акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун жүрүшүндө «Кыргызалтын» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке ашырууга кылдаттык менен даярдануу зарылдыгын баса белгиледи.
Анын айтымында, долбоордун негизги максаты 121 тоннадан ашык алтындын запасы бар калдыктарды кайра иштетүү аркылуу аймактын экологиялык абалын жакшыртуу болуп эсептелет. Ошондой эле Жер алдынан алтын казуу долбооруна жана Тоголок кенин өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектиги айтылды.
Тоголок кенинде алгачкы руда ушул жылы казылып, ал эми биринчи Доре куймасын чыгаруу келерки жылы күтүлүүдө. Бардык долбоорлор белгиленген мөөнөттө жана кечиктирилбестен ишке ашырылууга тийиш.
Жыйындын жүрүшүндө Кубат Абдраимов ишкананын алдына коюлган милдеттерди ишке ашырууда Кумтөр кен жайындагы өнөр жай коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Атап айтканда, кызматкерлерди кошумча окутуу, алардын квалификациясын жогорулатуу жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишине системалуу текшерүүлөрдү жүргүзүү сыяктуу көзөмөл чараларын күчөтүү зарыл.
Акционерлердин чогулушунун жыйынтыгы боюнча «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету бекитилди.
Маалымат үчүн: «Кыргызалтын» ААК «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын жалгыз акционери болуп саналат жана анын акцияларынын 100 пайызына ээлик кылат.