РУДНИКТИ ТЕЙЛӨӨ ЖАНА АТАЙЫН ДОЛБООРЛОР БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 29 April 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 13.05.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын рудникти тейлөө жана атайын долбоорлор бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку билим: Төмөнкү адистиктер боюнча жогорку билим: “Курулуш инженери”, “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Архитектура”, “Имараттарды долбоорлоо” жана башка ушуга байланыштуу багыттар (2019-2024-жылдардагы бүтүрүүчүлөрдүн арыздары кабыл алынат).
- Тилдер: Кыргыз жана орус тилдерин билүү (англис тилин билүү артыкчылыктуу).
- Көндүмдөр: MS Office, AutoCAD жана BIM программаларын билүү;
- стресс туруктуулук; командада иштөө жөндөмү;
- белгиленген график боюнча иштөөгө даярдык.
Милдеттер:
- Компаниянын эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча жоболорун, ошондой эле СНиПтерди жана ГОСТторду изилдөө.
- Долбоорлоо жана эсептөө программаларын өздөштүрүү (AutoCAD, BIM, Лира-САПР).
- Долбоорлоо процесстерине жана курулушка уруксат берүүчү документтерди алууга катышуу.
- Архивдик долбоордук документтер менен иштөө.
- Геодезия жана жалпы курулуш иштерин өздөштүрүү.
- Инженерлердин пландоо ишинин жалпы түшүнүктөрүн өздөштүрүү.
- Кран бөлүмүнүн жана талаа адистеринин (механиктер, электриктер, сантехниктер, жыгач усталар) иши менен таанышуу, анын ичинде подряддык уюмдардын кызматкерлери менен иштөө.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 13-майында 16:0дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.