Жарыяланган: 10 March 2026
АРЫЗ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 23-марты, Бишкек убактысы боюнча саат 10:30.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК төмөнкү лоттор боюнча тандоого катышууга чакырат:
1-Лот: «КГК» ЖАКтын ЖБИсинин эмульсия цехин модернизациялоо үчүн 5 м³ болгон күйүүчү май аралашмасын сактоочу резервуарды өндүрүү жана жеткирүү
2-Лот: Автоунаа чарбасында колдонулган майлар жана суюктуктар үчүн төрт даана 1300 литрдик резервуарды өндүрүү.
| Тапшыруу форматы: | Арызга жана башка документтерге арызга жана келишим боюнча милдеттерге кол коюуга укуктуу адам кол коюшу керек.
Документтер мөөр басылып, PDF форматында тапшырылышы керек. |
| Сунуштарды тапшыруу тартиби
|
Тандоо катышуучулары тандоо талаптарына ылайык орус тилинде катышууга арыз бериши керек (Техникалык тапшырмага ылайык), зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почта дарегине жөнөтүү керек: emkosti_2026@kumtor.kg 2026-жылдын 23-мартында саат 10:30га чейин.
Катышуучу Буйрутмачы берген Техникалык тапшырмага ылайык баа сунушуе камтыган конкурстук арыз берүүгө милдеттүү. |
| Маанилүү!! | Каттын (сунуштун) өлчөмү 25MBдан ашпашы керек.
Эгер тиркемелердин көлөмү 25 МБдан ашса, анда конкурстук арыз бөлүктөргө бөлүнүп, тема сабында чагылдырылышы керек: 1. “Квалификациялык сунуштар (катышуучунун аты)” 1-бөлүк. 2. “Техникалык сунуштар (катышуучунун аты)” 2-бөлүк. 3. “Конкурстук сунуш жана эсептөө” 3-бөлүк, жана ушундай. Булут сактагычынан документтерди жүктөп алуу шилтемелеринин жарактуулук мөөнөтү бар экенин эске алганда, документтерди булут сактагычына жүктөө аркылуу жөнөтүү сунушталбайт. |
| Катышуу үчүн арыз төмөнкү документтерди камтышы керек: | Катышууга кызыгуусун тастыктаган кат;
– Конкурстук арыз; – Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык келгенин тастыктоо. – ГОКЗ декларациясы – Коррупцияга каршы жобонун толтурулган формасы; – Байланышы (аффилированность) жок экендигин тастыктаган толтурулган форма; – Салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу тууралуу күбөлүктөр – 2023–2024-жылдар үчүн финансылык отчеттордун оригиналдарынын сканерленген көчүрмөлөрү: · Бухгалтердик баланс; · Киреше жана чыгым тууралуу отчет; · Акча агымы боюнча отчет; · Капиталдагы өзгөрүүлөр тууралуу билдирүү; · же 2023-2024-жылдар үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясы. – Уставдын сканерлерген көчүрмөсү. – Мамлекеттик каттоо күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсү. – Акыркы 2 (эки) жыл ичинде конкурстук арыздын суммасына жараша сунуштун суммасына ылайык мурда аткарылган окшош келишимдердин сканерленген көчүрмөлөрү. |
| Баалоо критерийлери: | квалификациялык баалоо баскычында, квалификациялык талаптарга жана техникалык мүнөздөмөлөргө ылайык келүү, ошондой эле сунуш баасы финансылык баалоо баскычында |
| Курулуш жана орнотуу иштеринин мөөнөтү | Резервуарды болжолдуу өндүрүү жана жеткирүү датасы: 60 күн |
| “Резервуарды өндүрүү жана жеткирүү” темасын камтыган сунуш 2026-жылдын 23-мартында саат 10:30 emkosti_2026@kumtor.kg электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек. | |
| Буйрутмачы сунуштардын бирин же баарын кабыл алууга же четке кагууга укуктуу, ошондой эле Келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу, тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенме албастан. | |
| Сунуш расмий бланкта болушу керек. | |
| Катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кийин берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен, катышуучу компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот. Ар бир тандоо катышуучусу бир гана сунуш бере алат. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек. Конкурстук сунуштун жарактуу мөөнөтү учурунда конкурстук сунуштарга өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилбейт. |
|
| Алдын ала төлөм болгондо, жеңүүчү компания алдын ала төлөмдүн суммасынан кем эмес банк кепилдигин берүүгө милдеттүү. | |
| Бул сынак боюнча бардык суроолорду төмөнкү электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө болот: aibek.berdigulov@kumtor.kg | |
| Тандоо шарттарын тактоо үчүн өтүнүчтөр сунушту тапшыруу мөөнөтү аяатаганга чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек. | |
Тиркемелер: