ООР ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ПЛАНДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  03 November 2025
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 17.11.2025, 17:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Оор техникалык тейлөө башкармалыгынын пландоо бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- “Инженер-механик” багыт боюнча жогорку техникалык билим;
 
- Техникалык тейлөө жана оңдоонун негиздерин билүү;
 
- Түйүндөрдүн жана агрегаттардын иштөө принциптерин түшүнүү;
 
- Техникалык документтер жана нормативдик материалдар менен иштөө жөндөмдөрү;
 
- “Microsoft Office” программаларын жогорку дэңгээлде колдонууну билүү, башка эсеп системаларын билүү артыкчылык болуп эсептелет;
 
- Кыргыз жана орус тилдерин мыкты билүү;
 
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
 
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу.
 
Милдеттер:
- Автотранспорт каражаттарынын жана жабдуулардын түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын эсебин жүргүзүү:
 
- Жабдуулардын техникалык абалы жөнүндө маалыматты чогултуу жана системалаштыруу;
 
- Агрегаттар, түйүндөр жана техниканын жүрүшү боюнча маалымат базасын жаңыртуу;
 
- Алмаштыруу жана бездери ремонттоо боюнча отчетторду даярдоо.
 
- Техникалык тейлөөнү пландаштырууга катышуу:
 
- Ошол графиктерди түзүү жана актуалдаштыруу;
 
- Пландуу тейлөөлөрдүн мөөнөттөрүн контролдоо;
 
- Техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине табыштамаларды даярдоо.
 
- Техникалык документтер менен иштөө:
 
- Актыларды, билдирмелерди, наряддарды тариздөө жана архивдештирүү;
 
- Тейлөө кызматтары үчүн коштомо документтерди даярдоо;
 
- Каттоо журналдарын жана техникалык паспортторду жүргүзүү.
 
- Окутуу жана өнүктүрүү:
 
- КТЖнын ченемдик документтерин жана стандарттарын изилдөө;
 
- Ишкананын ички эрежелери жана жол-жоболору менен таанышуу;
 
- Устаттын жетекчилиги астында практикалык көндүмдөрдү алуу.
 
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
 
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
 
- Жумуш графиги -14/14
 
Тандоого катышуу үчүн:
2025-жылдын 17-ноябрь, саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.