Жарыяланган: 06 February 2026
Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше 5 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтты.
«2025-жылы салык кызматы тарабынан 391,8 млрд сом чогултулуп, план 8,2 млрд сомго ашыгы менен аткарылды»,-деп белгиледи ал.
