МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО (КУМТӨР КЕНИ)

МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО (КУМТӨР КЕНИ)

Жарыяланган: 27 June 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 11.07.2025, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Медициналык бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Медициналык билими, жалпы иш тажрыйбасы -5 жылдан кем эмес.
  • Компьютерди жакшы билүү: MS Office, Google Docs, Zoom программаларын колдонуу жөндөмү.
  • Жеке сапаттар:
    1. Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
    2. Тактык жана тартиптүүлүк;
    3. Тыкандык жана команда менен иштөө жөндөмү.
  • Ден соолук абалы: жакшы физикалык формада болуу, медициналык жактан иштөөгө жарамдуу болуу.

Милдеттер:

  • Ар кандай медициналык документтерди жүргүзүү.
  • Вахтага чейинки жана жылдык медициналык кароолор боюнча документтерди жүргүзүү.
  • КГКнын кызматкерлерине алгачкы, жылдык жана өзгөчө медициналык кароолордон өткөндөн кийин берилген медициналык сунуштарды аткарууну көзөмөлдөөдө дарыгерлерге жардам берүү.
  • Рейске чейин жана сменага чейин медициналык кароолорду өткөрүү.
  • ЖАК «КГК» кызматкерлерине алгачкы медициналык жардам көрсөтүү.
  • Оорулууларды шашылыш түшүрүүдө коштоп баруу.
  • Рудниктеги дарыгерлерге жардам көрсөтүү.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Кумтөр кени
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 11-июлунда 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.