МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  02 August 2024
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 14.08.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Медициналык бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Медико-профилактикалык иш» багыты боюнча жогорку медициналык билим (окуу жайын аяктаган күндөн тартып 5 жылдан ашык эмес);
 
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, Microsoft Office, Google Docs, Zoom программаларын билүү;
 
- Жеке сапаттар: демилгелүүлүк, тырышчаактык жана командада иштөөнү каалоо, тактык жана тартиптүүлүк;
 
- Медициналык көз караштан алганда бийик тоолуу шарттарда иштөөгө ден-соолугу ылайыктуу болуу;
 
- Тартиптүүлүк, командада иштей билүү.
 
Милдеттер:
- Өндүрүш гигиенасы боюнча ар кандай медициналык документтерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
 
- Кендеги өндүрүштүк гигиеналык дарыгерлерге медициналык процедураларды жүргүзүүдө ассистент катары жардам берүү;
 
- Кендин дарыгери менен бирге кенден шашылыш түшүрүү учурунда бейтаптарды коштоп жүрүү;
 
- Бийик тоолуу жана өндүрүштүк шарттарда медициналык жардам көрсөтүү боюнча тажрыйба топтоо.
 
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
 
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
 
- Такшалманын графиги – 14/14
 
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 14-августунда 16:00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.