МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО (КУМТӨР КЕНИ)
Жарыяланган: 27 June 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 11.07.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Медициналык бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Медициналык билими, жалпы иш тажрыйбасы -5 жылдан кем эмес.
- Компьютерди жакшы билүү: MS Office, Google Docs, Zoom программаларын колдонуу жөндөмү.
- Жеке сапаттар:
- Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
- Тактык жана тартиптүүлүк;
- Тыкандык жана команда менен иштөө жөндөмү.
- Ден соолук абалы: жакшы физикалык формада болуу, медициналык жактан иштөөгө жарамдуу болуу.
Милдеттер:
- Ар кандай медициналык документтерди жүргүзүү.
- Вахтага чейинки жана жылдык медициналык кароолор боюнча документтерди жүргүзүү.
- КГКнын кызматкерлерине алгачкы, жылдык жана өзгөчө медициналык кароолордон өткөндөн кийин берилген медициналык сунуштарды аткарууну көзөмөлдөөдө дарыгерлерге жардам берүү.
- Рейске чейин жана сменага чейин медициналык кароолорду өткөрүү.
- ЖАК «КГК» кызматкерлерине алгачкы медициналык жардам көрсөтүү.
- Оорулууларды шашылыш түшүрүүдө коштоп баруу.
- Рудниктеги дарыгерлерге жардам көрсөтүү.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 11-июлунда 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.