МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ (НЕГИЗГИ ӨНДҮРҮШ ТОБУНА) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 28 January 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 11.02.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнө (негизги өндүрүш тобуна) эки жылдык такшалма өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- «Экономика», «Логистика», «Материалдык-техникалык камсыздоо» багыттары боюнча жогорку билим;
- MS Office, Outlook программаларын билүү;
- Иштиктүү кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки баарлашуу;
- Тил билим: Англис тили, кытай тили, түрк тили;
- Коммуникация көндүмдөрү, этика жана калыстык;
- Аналитикалык ой жүгүртүү жана көңүл коюу.
Милдеттер:
- Сатып алуулардын ички программасына көмөктөшүү, жеткирүүчүлөр, инвентардык позициялар, сатып алуу тапшырыктары жөнүндө маалыматтарды киргизүү;
- Запастардын жеткиликтүү болушуна жана керектелишине мониторинг жүргүзүүгө, рынокко жана баага талдоо жүргүзүүгө көмөктөшүү;
- КГКнын Сатып алуулар жөнүндө жобосуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык компанияны материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылууга көмөктөшүү;
- Жеткирүүчүлөр жана акыркы колдонуучулар менен мамилелерди колдоо;
- Жеткирүүлөрдү жана өз ара эсептешүүлөрдү уюштурууга жана көзөмөлдөөгө көмөктөшүү;
- Жеткирүүчүлөр менен келишимдерди даярдоого, макулдашууга жана түзүүгө көмөктөшүү.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
- Такшалманын графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 11-февралында 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.