МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ (ЛОГИСТИКА ТОБУ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 09 December 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 22.12.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн логистика тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- «Экономика», «Логистика», «Материалдык-техникалык камсыздоо» багытындагы аякталган жогорку билим;
- MS Office программасын (айрыкча Excel), Outlook менен ишенимдүү колдонуу;
- Англис жана кыргыз тилдерин билүү артыкчылык болуп саналат;
- Адистиги боюнча иш тажрыйбасы бар же практика өткөндүгү артыкчылык болуп саналат;
- Стресске туруктуулук жана коммуникация жөндөмдүүлүк – чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү;
- Аналитикалык ой жүгүртүү, ыкыластуулук жана командада иштей билүү.
Милдеттер:
- Корпоративдик программаларга жана системаларга логистика тууралуу маалыматтарды киргизүү боюнча көмөктөшүү;
- Ташуучулардын кызмат көрсөтүү боюнча бааларын мониторин кылууга жана анализдөөгө көмөктөшүү;
- Компаниянын сатып алуу жөнүндөгү Жобосуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына ылайык, Компанияны материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылууга көмөктөшүү;
- Жеткирүүчүлөр менен акыркы колдонуучулардын ортосундагы өз ара байланыштарды колдоо;
- Жеткирүүлөрдү жана өз ара эсептешүүлөрдү уюштурууга жана көзөмөлдөөгө көмөктөшүү;
- Жеткирүүчүлөр менен келишимдерди даярдоого, макулдашууга жана түзүүгө көмөктөшүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
- Такшалманын графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2025-жылдын 22-декабрьда, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.