МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮНӨ (КӨМӨКЧҮ ӨНДҮРҮШ ТОБУНА) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  17 July 2024
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 31.07.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүнө (көмөкчү өндүрүш тобуна) эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт. 
Талаптар:
- «Экономика», «Логистика», «Материалдык-техникалык камсыздоо» багыттары боюнча жогорку техникалык билим (2019-жылдан 2024-жылга чейин ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
 
- MS Office, Outlook программаларын билүү;
 
- Иштиктүү кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки баарлашуу;
 
- Англис тилин Intermediate жана андан жогору деңгээлде билүү артыкчылыктуу, бирок талап кылынбайт;
 
- Коммуникация көндүмдөрү, этика жана калыстык;
 
- Аналитикалык ой жүгүртүү жана көңүл коюу.
 
Милдеттер:
- Сатып алуулардын ички программасына көмөктөшүү, жеткирүүчүлөр, инвентардык позициялар, сатып алуу тапшырыктары жөнүндө маалыматтарды киргизүү;
 
- Запастардын жеткиликтүү болушуна жана керектелишине мониторинг жүргүзүүгө, рынокко жана баага талдоо жүргүзүүгө көмөктөшүү;
 
- КГКнын Сатып алуулар жөнүндө жобосуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык компанияны материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылууга көмөктөшүү;
 
- Жеткирүүчүлөр жана акыркы колдонуучулар менен мамилелерди колдоо;
 
- Жеткирүүлөрдү жана өз ара эсептешүүлөрдү уюштурууга жана көзөмөлдөөгө көмөктөшүү;
 
- Жеткирүүчүлөр менен келишимдерди даярдоого, макулдашууга жана түзүүгө көмөктөшүү.
 
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
 
- Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
 
- Такшалманын графиги – 5/2
 
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 31-июлунда 16.00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз. 
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.