МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 24 June 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 08.07.2025, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн маалыматтык коопсуздук бөлүмүнө тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу принциптерин жана негизги ИБ-каражаттарынын (антивирустар, SIEM, кирүүнү көзөмөлдөө ж.б.) иштөө принциптерин түшүнүү;
  • Тармактык технологиялар, OSI/ TCP-IP моделдери боюнча негизги билимдер;
  • Негизги тармактык протоколдордун иштөө принциптерин түшүнүү: TCP, UDP, DNS, HTTP, HTTPS, ARP, ICMP;
  • Windows жана Linux операциялык системалары менен негизги деңгээлде иштөө жөндөмдүүлүгү;
  • Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
  • Кызматтардын, процесстердин иштөө принциптерин жана ОС коопсуздугунун негизги жөндөөлөрүн түшүнүү;
  • Окуялар журналы (event logs) эмне экенин жана алар эмне үчүн колдонуларын билүү;
  • Маалыматтык коопсуздукту башкаруу системасын негизги деңгээлде түшүнүү.

Милдеттери:

  • Маалыматтык коопсуздук окуяларын мониторингдөөдө көмөк көрсөтүү, анын ичинде келип түшкөн инциденттерди алдын ала сорттоо жана классификациялоо;
  • ИБ-системалардан логдорду жана техникалык маалыматтарды чогултуу жана баштапкы иштетүү;
  • Маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлерине маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу процесстерин колдоодо көмөк көрсөтүү, анын ичинде ички документтерди жана нускамаларды жаңыртуу;
  • Киберкоопсуздук инциденттерин башкаруу процессине катышуу;
  • Маалыматтык коопсуздук тобокелдиктерин башкаруу процессине катышуу;
  • Маалыматтык коопсуздук иш-чараларын ишке ашырууда көмөк көрсөтүү (мисалы, эскертмелер жана билдирүүлөр үчүн материалдарды даярдоо);
  • Купуя маалыматты жайылтпоо.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма.
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл.
  • Такшалманын орду – Бишкек ш. кеңсе.
  • Такшалманын графиги – 5/2.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык зарыл болгон документтерди 2025-жылдын 8-июлунда саат 16:00 кеч эмес шилтемени басуу менен тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.