МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 11 September 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 17.09.2025, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында маалымат технологиялары бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • «Маалыматтык технологиялар», «Программалык инженерия», «Колдонмо математика» же ушул сыяктуу багыттар боюнча жогорку техникалык билим;
  • Python, Java, C#, JavaScript сыяктуу программалоо тилдеринин бирин же бир нечесин билүү;
  • Объектке багытталган программалоо принциптерин жана маалымат структураларын түшүнүү;
  • Маалымат базалары менен иштөө жана SQL-суроолорду жазуу боюнча негизги билимдер;
  • Веб-иштеп чыгуу же программалык камсыздоону иштеп чыгуу негиздерин билүү;
  • Git, GitHub сыяктуу иштеп чыгуу куралдарын жана версияларды көзөмөлдөө системаларын билүү;
  • Программалоо жана программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча сертификаттардын же курстарды бүтүргөндүктүн болушу артыкчылык болуп эсептелет;
  • Коммуникабелдүүлүк, команда менен иштөө жөндөмү;
  • Маселелерди чечүү, маалымат издөө жана өз алдынча үйрөнүү жөндөмү;
  • Техникалык документация менен иштөө жана долбоордун талаптарын аткаруу жөндөмү.

Милдеттер:

  • Компаниянын ички программалык чечимдерин иштеп чыгууга жана тестирлөөгө катышуу;
  • Учурдагы десктоп жана веб-тиркемелерди, ошондой эле сервистерди колдоо жана өркүндөтүү;
  • Код жазуу жана оптимизациялоо — насаатчынын жетекчилиги астында; • Версияларды көзөмөлдөө системалары менен иштөө (мисалы, Git);
  • Иштелип жаткан модулдар боюнча техникалык документацияны жүргүзүү;
  • Долбоордук милдеттерди ишке ашыруу үчүн команда мүчөлөрү менен өз ара аракеттенүү;
  • Бөлүмдүн долбоорлорунда колдонулган жаңы технологияларды жана инструменттерди үйрөнүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе.
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2025-жылдын 17-сентябрда, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.