МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 09 June 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 23.06.2025, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында маалымат технологиялары бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча жогорку техникалык билим (2020-2025-жылдардагы бүтүрүүчүлөрдүн арыздары кабыл алынат).
  • Windows операциялык системасын жана Microsoft компаниясынын продуктуларын билүү;
  • Жергиликтүү тармактардын (LAN) жана интернеттин (IP, DNS, DHCP) иштөө принциптерин түшүнүү;
  • Жергиликтүү тармактарды жана тармактык туташтырууларды (Wi-Fi, Ethernet) уюштуруу боюнча негизги билимдер;
  • Компьютердин жана перифериялык жабдуулардын (мониторлор, принтерлер, сканерлер) түзүлүшү боюнча негизги билимдер;
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча сертификаттардын болушу же курстардан өтүү – артыкчылык болуп саналат;
  • Коммуникабелдүүлүк, командада иштөө жөндөмдүүлүгү;
  • Маселелерди чечүү жана маалыматты өз алдынча издөө жөндөмдүүлүгү;
  • Эмоционалдык туруктуулук жана татаал жана күтүлбөгөн кырдаалдарда тез багыт алуу жөндөмдүүлүгү;
  • Техникалык документация менен иштөө жана түшүнүү жөндөмдүүлүгү.

Милдеттер:

  • Офистик программалык камсыздоодо, колдонмо программалык камсыздоодо каталарды жоюу боюнча суроо-талаптарды каттоо, персоналдык компьютерлерде жана ноутбуктарда бузулууларды жоюу;
  • Колдонуучулардын жеке түзмөктөрүнө программалык камсыздоону орнотуу жана жөндөө;
  • Маселелерди каттоо жана эсепке алуу, маалымат базасын жаңыртуу;
  • IT активдерди инвентаризациялоо жана эсепке алуу;
  • Колдонуучуларга телекоммуникациялар жана IT системалар боюнча консультация берүү;
  • Телефон системасын тейлөө (телефон орнотуу, IP телефония системасында жөндөөлөрдү өзгөртүү);
  • Компьютердик жабдууларды жана оргтехниканы даярдоо жана ишке киргизүү;
  • Офистик көчүрүү жана басып чыгаруу техникасын тейлөө (МФУ, принтерлер, сканерлер).

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе.
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2025-жылдын 23-июнунда, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.