КУМТӨРГӨ 33 ЖЫЛ!

КУМТӨРГӨ 33 ЖЫЛ!

Жарыяланган: 16 February 2026

Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхы менен тагдырлаш болгон Кумтөр ишканасынын негизделгенине бүгүн туура 33 жыл болду.

Ондогон жылдар бою өлкөбүздөгү саясий жана экономикалык окуялардын чордону болуп келген Кумтөр кени бүгүн мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат.

Президент Садыр Жапаровдун жыйырма жылдык тарыхый күрөшүнүн натыйжасында мамлекет менчигине кайтарылган Кумтөр бүгүн – улуттук намыстын жана экономикалык эркиндиктин символуна айланууда.

Төмөндөгү атайын репортажда ишкананын 33 жылдык татаал жолуна, бүгүнкү ийгиликтерине жана жаркын келечегине сереп салынды.