Жарыяланган: 27 August 2025
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кумтөр кен жайында жер астынан алтын казуу иштерин баштоого арналган аземге катышты.
Бул долбоордун өлкө экономикасы жана экологиясы үчүн маанилүүлүгүн баса белгилеген өлкө башчысы:
«Жер астынан алтын казуу долбоорунун иштөө мөөнөтү 17 жылга ыйлайыкталып, 147 тонна алтындын геологиялык запасы мамлекеттин балансына коюлду. Баарынан дагы жер астынан алтын казуу долбоору бош тоо тектердин ченемсиз казылышына бөгөт коёт. Ошондой эле жер астынан алтын казуу долбоорунун ишке берилиши – бул айлана-чөйрөнү, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган мөңгүлөрүбүздү сактап калуудагы эң маанилүү кадам»-деди.
Президент Садыр Жапаров Кумтөрдө жер асты менен бирге, мурда казылып келген карьерлерден ачык ыкма менен дагы алтын өндүрүлө берээрин кошумчалап:
«Кумтөрдүн келечеги алдыда, дагы 40-50 жыл өлкө кызыкчылыгы үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей бермекчи» деген терең ишенимин билдирди.
Бул сапардын алкагында өлкө жетекчиси Кумтөр кен жайындагы жалпы иштин жүрүшү менен таанышып, кен жайдын бир катар обьектилеринде болуп, борбордук карьерди, ошондой эле ишкананын структуралык бөлүмдөрүнүн ишин көрүп чыкты.
Мындан тышкары, мамлекет башчысына Тоголок алтын кенин иштетүү, Жаңгарт аянтындагы геологиялык чалгындоо жумуштары, калдыктарды кайра иштетүү долбоору, Балыкчы өткөөл базасын модернизациялоо, дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү сыяктуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча кенен маалымат берилди.
Маалымат үчүн: 2021-жылдын май айынан (ишканага убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден баштап) 2024-жылдын декабрына чейин компаниянын жалпы кирешеси 3 млрд 445,4 млн АКШ долларын түзгөн. Аталган мезгил аралыгындагы ишкананын таза кирешеси 1 млрд 233 млн АКШ долларын түзсө, 2025-жылдын I жарым жылдыгында 13,3 млрд сомду түзгөн. Мамлекеттик бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө жалпысынан 891,6 млн АКШ доллары которулган. Дивиденд түрүндө 441 млн АКШ доллары которулган.
2021-жылдын май айынан 2024-жылдын декабрына чейинки мезгилде Кумтөр кенинен 54 тоннадан ашык алтын казылып алынган.
*Cүрөттөр: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы