Жарыяланган: 19 November 2025

2025-жылдын 10 айында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн жалпы кирешеси план боюнча 55 млрд 127 млн сом болсо, иш жүзүндө 80 млрд сомду түздү.
Ал эми 10 айдагы ишкананын таза кирешеси план боюнча 13 млрд 373 млн сом болсо, иш жүзүндө 36 млрд 900 млн сомго жетти.
Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү план боюнча 14 млрд 43 млн сом болсо, иш жүзүндө 16 млрд 272 млн сомго жетти.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 2025-жылы дивиденд түрүндө 12 млрд 900 млн сом төлөө пландалса, иш жүзүндө 13 млрд 49 млн сом которулду.