Жарыяланган: 01 April 2026
«Кумтөр Голд Компанинин» Мүдүрлөр кеңешинин жана башкармалыгынын мүчөлөрү Токмок шаарындагы Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводго инспекция жүргүзүшүп, долбоордун иши жана өнүгүү келечеги менен таанышты.
Аткарылып жаткан иштер тууралуу заводдун директору Александр Сметанин маалымат берди. Сапардын жүрүшүндө долбоордун негизги этаптары жана анын экологиялык мааниси талкууланды. Жыйынтыгында компаниянын жетекчилиги заводдун кызматкерлери менен бирге аймакты жашылдандыруу иштерине катышышты. Заводдун айланасына ак кайың жана балатынын көчөттөрү отургузулду.
Мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов белгилегендей, компания өндүрүштү өнүктүрүү менен катар айлана-чөйрөнү коргоого өзгөчө көңүл бурат.
“Жакынкы жылдары бул жер кооз жана жайлуу аллеяга айланып, шаар тургундары үчүн жагымдуу эс алуу жайына айланат деп ишенем», – деди ал.
Учурда завод тесттик режимде иштеп жатат.