Жарыяланган: 13 August 2025
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Кыргыз Республикасынан таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча өткөн VII дүйнө чемпионатына катышкан спортчуларга колдоо көрсөттү.
Мелдеш Монголиянын Архангай аймагындагы Цэцэрлэг шаарында болуп өттү.
Турнирге 33 өлкөдөн 200дөн ашуун спортчу катышып, ал улуттук спорт түрлөрүн жайылтуу жана элдердин маданий байланышын чыңдоо максатын көздөгөн маанилүү эл аралык иш-чара болду.
Кыргызстандын атынан катышкан Байбек Шаиков 80 кг чейин болгон салмак категориясында күч сынашып, коло медалга ээ болду.
«Кумтөр Голд Компани» спортту өнүктүрүүнү жана көчмөн элдердин маданий мурасын сактап калууга салым кошууну ар дайым колдоп келет. Эл аралык аренада кыргыз спортчуларын колдоо – бул компаниянын социалдык жоопкерчилигинин жана Кыргыз Республикасынын улуттук салттарын жана спорттук жетишкендиктерин колдоого кошкон салымынын бир бөлүгү болуп саналат.
Маалымат үчүн:
Мас-рестлинг (таяк тартыш) – Якутиядан чыккан улуттук спорт түрү болуп, Борбор Азия элдеринин арасында кеңири таанылган. Спортчулар жыгач таяк аркылуу атаандашын өзүнө тартууга аракет кылып, күч жана чыдамкайлык боюнча таймашышат.