Жарыяланган: 16 January 2026
ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 23-январы, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди Кумтөр кенинин турак жай лагеринин ашканасы үчүн тамак-аш ташуу кызматтарын көрсөтүү боюнча эки топтомдон турган, чектелбеген конкурска катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Конкурстук сунушка жана башка документтерге конкурстук сунушка жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек. Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Конкурстук сунушту даярдоонун алдында катышуучу «Конкурстук сунушту даярдоо боюнча көрсөтмө» менен таанышып чыгышы керек (1-тиркеме). |
| Квалификациялык жана техникалык сунуштарды тапшыруу тартиби | 1-этап: Квалификациялык жана техникалык бөлүгү |
| Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык сунуштарын орус тилинде жана тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн электрондук түрдө perevozka_produktov2026@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 23-январы, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө чейин жөнөтүшү керек.
Техникалык тапшырма тиркелет (8-тиркеме). |
|
| Конкурска катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтышы керек: | Конкурска катышууга кызыгууну тастыктаган кат, сунуш формасы тиркелет (2-тиркеме) |
| Юридикалык жакты каттоо күбөлүгүнүн скан көчүрмөсү | |
| Негизги ишмердүүлүктү аныктаган документтин (Устав) жана жетекчи катары дайындоо чечиминин скан көчүрмөсү | |
| Салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымкат (акыркы отчеттук күнгө) | |
| 2024-жылы үчүн каржылык отчеттордун скан көчүрмөлөрү:
· Бухгалтердик баланс · Киреше жана чыгаша тууралуу отчет · Акча каражаттарынын кыймылы тууралуу отчет · Капиталдын өзгөрүшү тууралуу отчет · Же болбосо 2024-ж. үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясы |
|
| Ак ниеттүүлүк декларациясы, сунуш формасы тиркелет (3-тиркеме) | |
| Конкурстук сунушту кепилдеген декларация, сунуш формасы тиркелет (4-тиркеме) | |
| Иштеп жаткан кызматкерлер жана алардын мурунку иш тажрыйбасы тууралуу маалымат, сунуш формасында көрсөтүү (5-тиркеме) | |
| Ишкер өнөктөштөрдүн тизмеси, алардын аткарылган иштери жана сунуштары тууралуу кыскача баяндама, сунуш формасында көрсөтүү (5-тиркеме) | |
| Жеке адамдар үчүн | 1) Конкурска катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат, сунуш формасы тиркелет (2-тиркеме)
2) Жеке ишкердин каттоо күбөлүгүнүн/патенттин көчүрмөсүнүн сканерленген көчүрмөсү 3) Салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымкат (акыркы отчеттук күнгө) 4) Ак ниеттүүлүк декларациясы, сунуш формасы тиркелет (3-тиркеме); 5) Конкурстук сунушту кепилдеген декларация, сунуш формасы тиркелет (4-тиркеме) 6) Соттолгон эместиги жөнүндө маалымкат |
| Жалпы талаптар | Автотранспорт каражатка коюлган талаптар:
• Кузову: Муздаткыч фургон (азык-түлүк ташуучу); • Жүк көтөрүмдүүлүгү: 7 тоннадан ашык; • Фургондун көлөмү: 40 м³ден ашык; • Фургондун тышкы өлчөмдөрү: 6500 x 2300 x 2500 ммден ашык; Жүктөө түрү: Арткы |
| Иштерди аткаруу учурунда бардык техникалык чечимдер жана өзгөчө пикирлер Подрядчы тарабынан Буйрутмачы менен макулдашылат. | |
| Баалоо критейрийлери: | Конкурстун биринчи этабынан өткөн сунуш деп бардык квалификациялык талаптарга жооп берип, талап кылынган документтердин толук пакетин тапшырган сунуш табылат. |
| Финансылык сунуштарды тапшыруу тартиби | 2-этап: Финансылык бөлүгү |
| Финансылык/коммерциялык сунуш сыр сөз менен корголгон архивде тапшырылышы керек, сунуш формасы тиркелет (7-тиркеме). Сыр сөз конкурстун жооптуу адамына сурам жөнөтүү менен берилет.
Сыр сөз кеминде 8 белгиден турушу керек жана төмөнкүлөрдү камтышы керек: 1 сан, 1 символ, 1 баш тамга жана 1 кичине тамга. Финансылык/коммерциялык сунуш расмий бланкта «Кумтөр Голд Компани» ЖАК дарегине багытталып, баа, аткаруу мөөнөтү жана төлөм шарттары көрсөтүлүшү керек. Квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулардан гана сыр сөз суралат. |
|
| Катышуу сунушу «Азык-түлүк товарларын ташуу » деген тема менен perevozka_produktov2026@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 23-январы, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө чейин жөнөтүшү керек. | |
| Буйрутмачы, келишим берилгенге чейин, катышуучулардын сунушун кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурс процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу, ошол эле учурда катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенмелерге ээ эмес. | |
| Катышууга сунуш расмий бланкта болушу керек | |
| Конкурстун катышуучуларынын көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушту тапшыруу менен катышуучу Компаниянын бардык талаптарына макул экенин билдирет. Ар бир катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 40 календардык күн болушу керек. Сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт. Кызмат көрсөтүү келишиминин долбоору таанышуу үчүн берилет. Бул долбоор акыркы эмес жана конкурстун жыйынтыгына жараша өзгөртүлөт. (6-тиркеме). |
|
| Конкурска байланыштуу бардык суроолор жана түшүндүрмөлөрдү сураган каттар: Zhyldyzkan.satybekova@kumtor.kg дарегине акыркы тапшыруу мөөнөтүнө 3 календардык күн калганга чейин жөнөтүлүшү керек. | |
| Келишим, коммерциялык сунушу техникалык тапшырмага жана тандоо шарттарына жооп берген, 1 жана 2 этаптан өткөн, эң төмөн бааны сунуштаган катышуучуга берилет | |