“КУМТӨР” КЕН ИШКАНАСЫНЫН МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА

“КУМТӨР” КЕН ИШКАНАСЫНЫН МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА

Жарыяланган: 18 August 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 28.08.2025, Бишкек сааты боюнча 17:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК “Кумтөр” кен ишканасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүү боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө сервис-контракттын шарттарында жарыялайт.

Почтага сунушуңузду жөнөтүү үчүн: inforsecurity2025@kumtor.kg  

Позициянын аталышы: кызмат көрсөтүүлөргө Кен ишканасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо

 

Кызматтык милдеттер:

  • Антивирустук программалык камсыздоону жана акыркы түзүлүштөрдү коргоо системасын башкаруу жана пайдалануу;
  • Заманбап коркунучтарды жана багытталган чабуулдарды аныктоо системаларын (XDR) пайдалануу;
  • Өнөр жай киберкоопсуздук системаларын пайдалануу;
  • Маалыматтык коопсуздук боюнча көзөмөл жана отчеттуулукка байланыштуу аналитикалык материалдарды даярдоо;
  • Маалыматтык жана киберкоопсуздук инциденттерине ыкчам чара көрүү, мындай инциденттерди иштеп чыккандан кийин аналитикалык материалдарды даярдоо;
  • Компаниянын маалыматтык системаларындагы кызматкерлердин жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөө, анын ичинде келген өтүнмөлөрдү жеткиликтүүлүк матрицасына жана маалыматтык коопсуздук боюнча башка талаптарга ылайыктыгын карап чыгуу
  • Привилегиялуу колдонуучуларды көзөмөлдөө системасын (PAM) пайдалануу;
  • Купуя маалыматтардын агып чыгуу каналдарын, анын ичинде техникалык байланыш каналдары аркылуу аныктоо.

Аткаруучуга коюлган квалификациялык талаптар:

Тилдерди билүү:

  • Орус тилинде – эркин сүйлөшүү керек;
  • Кыргыз илинде – эркин сүйлөшүү керек;
  • Англис тилинде – ортодон жогору (Upper Intermediate) же жогорку деңгээл (Advanced).

Квалификациялык талаптар:

  • Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу принциптерин түшүнүү жана негизги маалымат каражаттарынын иштеши (антивирус, SIEM, кирүүнү көзөмөлдөө ж.б.);
  • Тармактык технологиялар, OSI/TCP-IP моделдери боюнча билимдер (CCNA 1-3 артыкчылык катары эсептелет);
  • Негизги тармактык протоколдордун иштеши тууралуу түшүнүк: TCP, UDP, DNS, HTTP, HTTPS, ARP, ICMP;
  • Windows Server жана Linux операциялык системалары менен иштөө жөндөмдөрү;
  • Тейлөө кызматтарынын, процесстердин иштөө принциптерин түшүнүү жана операциялык системанын коопсуздугунун негизги жөндөөлөрү;
  • Окуялар журналы тууралуу түшүнүк;
  • Маалыматтык коопсуздукту башкаруу системасы тууралуу түшүнүк.

Иш шарттары:

  • «Кумтөр» кени (Ысык-Көл облусу).
  • Иш графиги:14 күн иштеп, 14 күн эс алуу вахталык ыкма.

 

Сиз төмөндөгү документти жүктөп алсаңыз болот:

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

ФОРМА ЗАПРОСА КП

Приложение №1